Белоруссиянын Башкы прокуратурасы Жаныш Бакиевди өткөрүп берүү боюнча жиберилген сурамга жооп даярдап жатат

Жаныш Бакиев Белоруссияда жүрөт деген болжолдуу маалымат боюнча Кыргызстан жиберген сурамга Белорус бийлиги жооп даярдап жатат, деп билдирет «Интерфакс-Запад» маалымат агенттиги.  Мурунку президенттин инисине окшогон адам август айынын ортосунда белорус активисти тарабынан Минск шаарынын борборунда сүрөткө тартылып алынган.

«Интерфакс-Запад» маалымат агенттиги билдиргендей, 27-августта Белоруссиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан республиканын Башкы прокуратурасына Жаныш Бакиев тууралуу маалымат берүү жөнүндөгү сурам жиберилген.

«Интерфакс» Белоруссиянын Башкы прокуратурасына шилтеме жасап, мекеме сурамга жооп даярдап жаткандыгын жазган.

«Клооп» Белоруссиянын Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы менен байланыша алган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков Жаныш Бакиев боюнча жиберилген сурам тууралуу Белорус бийлигинин аракеттери жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Кыргыз бийлиги белорус активисти Михаил Пашкевич тартып алган сүрөттөргө таянып, 21-августта Белоруссиядан Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

«Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — дейт Пашкевич «Клоопко» жазуу түрүндө берген маегинде.

Сүрөттө Жаныш Бакиев деп болжолдонуп жаткан адамдын жанында дагы эки адам болгон — Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алар да издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевдин мурунку кол алдында иштеген адамдар экендигин аныктады.

Белоруссиянын Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук кызматы «Клоопко» Жаныш Бакиевдин өлкөгө киргендигин ырастап берүүдөн баш тарткан.

Кыргыз бийлиги 26-августта сурамга «эч кандай реакция болбой» жаткандыктан Кыргызстандын элчиси Эрик Асаналиевди Минсктен чакырып алууну чечкен.

Издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Мурунку президенттин өзү болсо революцидан бери Белоруссияда, 2010-жылдын августунда ал өлкөнүн жарандыгын алган. Белоруссиянын жетекчилиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

«Кара тизме»

Жаныш Бакиев 2010-жылдын май айында Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

2012-жылдын февралында Интерпол Жаныш Бакиевди «кара тизмеге» киргизе тургандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Шамил Атаханов билдирген. Интерполдун «кара тизмесине» оор кылмыш кылган, коркунучтуу кылмышкерлер киргизилет.

Интерполдун баасы боюнча, «кара тизме» — камакка алуу үчүн жиберилген сурамдардын камакка алууга «баарынан көбүрөөк жакындаткан» сегиз түрүнүн бири болуп саналат.

Атахановдун айтымында, Жаныш Бакиев ал тизмеге Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ачылган жаңы кырдаалдардан улам киргизилген. Мындан кийин атайын кызматтагылар Белоруссиянын укук коргоо органдарына сурам жиберген.

«Январда Белоруссиянын Улуттук коопсуздук комитетине эки сурам жөнөтүлгөн, бирок эч кандай жооп келген эмес. Ошондой эле башка өлкөлөргө жиберилген сурамдар боюнча да жооптор алынган жок», — деген УКМКнын төрагасы февраль айында депутаттардын алдында сүйлөп жатып.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революция маалындагы жана ошол эле жылдын июнундагы улут аралык кагылыштагы кылмыштар үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган 17 кишинин тизмесинин башында турат.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Михаил Пашкевич