Өкмөттүн расмий сайты 28-августтун таңынан бери иштебей жатат — көнүмүш жаңылыктардын ордуна чабуул жасалгандыгы тууралуу жазуу пайда болуп, анын төмөнкү жагында Сириядагы өкмөткө каршы митингдердин видеосу көрүнүп жатат.
Сайтты ачканда Сириядагы согуш менен андагы өкмөткө каршы митингдер тартылган видео көрүнүп жатат — каза болгон балдардын денелерин нааразычылык акциясындагы кардлар алмаштырып жатат.
«Чабуул жасалып сындырылган кыргыз өкмөтү», — деп министрлер кабинетинин сайтында англис тилинде жазылып турат; андан кийин ислам динин кабыл алаарда айтылчу келме араб тилинде жазылган.
Министрлер кабинетинин сайтындагы жазууларга ылайык, ага «HP-Hack» Dr-TaiGaR жана [NeT-DeviL] топтору тарабынан чабуул жасалган — аталган хакерлер 27-августта Крымдын мамлекеттик сайтына да чабуул жасашып, аны бузуп ачышкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирген.
Өкмөттүн аппаратынын техникалык бөлүмүнөн алардын системалык администратору бул көйгөйдүн үстүндө иштеп жаткандыгын айтып, андан аркы түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Бул жарым жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик сайттарына чабуул жасалып, бузулуп ачылган биринчи окуя эмес — 22-майда ирандык хакерлер Коргоо министрлигинин сайтына чабуул жасашкан.
Анда мекеменин сайтында «Кокаин» командасы тарабынан чабуул жасалды» деген жазуу пайда болгон.
Автор: Александра Ли
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков