Митингчилер Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылып, Белорус элчилигинин «терезелерин сындырышты»

Апрель окуяларынын катышуучуларынын туугандары мурунку президенттин иниси Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылып жатышатЖаныш Бакиевге окшогон адам август айынын ортосунда белорус активисти тарабынан Минск шаарынын борборунан сүрөткө тартылып алынган.  «Фейсбук» социалдык тармагындагы маалыматтар боюнча, нааразычылык акциясынын катышуучулары элчиликтин имаратынын терезелерин сындырып жатышат.

Митингке «Мекен Шейиттери» жана «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмдары катышууда — алар Жаныш Бакиев жашап жатат деп болжолдонуп жаткан Белоруссиянын бийлигинен качып кеткен президенттин инисин өткөрүп берүүнү талап кылып жатышат.

Учурда Белорус элчилигинин имаратынын жанында жүргөн “Клооптун” кабарчысы Алексей Ким билдиргендей, жалпысынан нааразычылык акциясына 80-100 киши катышып жатат.

Митингдин катышуучуларынын айтымдарында, элчиликтин имаратынын экинчи кабатындагы төрт терезе талкаланган.

«Маалыматтык такта да талкаланды. Элчиликке эки жолу чабуул жасап, алууга аракет кылышты деп айтып жатышат», — деп билдирди «Клооптун» кабарчысы.

Белоруссиянын элчилиги темир тосмолор менен тосулган — имараттын алдында 10 чакты милиция кызматкерлери жүрөт.

Буга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Белорус бийлиги Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тарткандыгын «Клоопко» билдирген — анда Белорус бийлиги мурунку президенттин инисин саясий көз караштар боюнча куугунтукка алып жатышат деп эсептеген.

Жаныш Бакиев мурунку президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелинде элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат.

Жаныш Бакиевдин сүрөтү

Белорус активисти Пашкевич Жаныш Бакиевге окшогон адамдын сүрөтүн өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасына 17-августта жайгаштырган.

«Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — дейт Пашкевич «Клоопко» жазуу түрүндө берген маегинде.

Сүрөттө Жаныш Бакиев деп болжолдонуп жаткан адамдын жанында дагы эки адам болгон — Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алар да издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевдин мурунку кол алдында иштеген адамдар экендигин аныктады.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Минск шаарынын үч жашоочусу сүрөттө чын эле Белоруссиянын борборундагы Карл Маркс көчөсү көрсөтүлгөндүгүн ырасташты.

Алардын биринин айтымында, сүрөттүн бирөөсүнүн арткы көрүнүшүндөгү курулуш тепкичтери бир ай мурун пайда болгон.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды