Сотторду тандоо кеңеши укук коргоочулар тарабынан «коррупцияга» шектелип жатат

 

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов башка укук коргоочулар менен бирге Сотторду тандоо кеңешинин кээ бир мүчөлөрү Кыргызстандын Жогорку сотунун судьяларын тандоодо добуштарын саткан деп шекшип жатат. Кеңештин басма сөз катчысы укук коргоочулардын бул билдирүүлөрүн четке какты.

Укук коргоочулар журналисттердин: Сотторду тандоо кеңешинин кээ бир мүчөлөрүн «сатып алышканбы» деген суроолоруна ооба деп жооп беришти.

«Тиешелүү баллдарды топтой албай калган, бирок акчалуу инсандар өтүп кетишти», — деди Токтакунов.

Тандап алуу эки этапта өткөн — биринчисинде талапкерлерди баллдык система боюнча баалашкан, ал эми экинчисинде судьяларды добуш берүү ыкмасы менен тандашкан.

Токтакуновдун айтымында, экинчи турдагы добуш берүүдөн кийин биринчи этапта аз балл алган талапкерлер алдынкы орундарга чыгып калышкан.

«Ал жерде коррупциялык сүйлөшүүлөр болгон. Биз анда чын эле тигил же бул талапкердин өтүп кетүүсүнө шарт түзө турган жашыруун кворум түзүлгөн деп эсептейбиз», – дейт Токтакунов.

Токтакуновдун «Коомдук анализ институтундагы» кесиптеши Рита Карасартова Кеңештин бир эле мүчөсү биринчи жана экинчи турларда талапкерлерди ар башкача баалаган деп эсептейт — ал Токтакунов айткан «сатып алуу» версиясын колдойт.

Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз катчысы Кундуз Жолдобаева кеңештин мүчөлөрү «чын жүрөктөрүнөн» добуш беришти деп айтты.

Жолдобаева айтылып жаткан «коррупциялык сүйлөшүүлөрдү» укук коргоочулар далилдеп бере алабыз дешсе, анда сотко беришсин деп сунуштады.

Жогорку сотко судьяларды тандоо 27-августта аяктаган — анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн эң жогорку инстанциясындагы сотко 32 киши өттү.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков