Санкт-Петербург шаарындагы массалык мушташтан бир кыргызстандык каза болду

Каза болгон Самат Мамасалиевдин денеси Санкт-Петербургдун борборунда табылган. Шаардык полициянын билдирүүсү боюнча, кыргызстандык массалык мушташтан улам каза болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгон жигиттин сөөгү жакын арада мекенине алынып келе тургандыгын билдирип жатат.

27 жаштагы Самат Мамасалиев баш сөөгүнө тийген катуу соккудан улам каза болгон — ал 26-августта достору менен бирге «Макдональдс» ресторанынан жаш  балдардын тобу менен чатакташып кеткен, деп жазылган Орусиянын Тергөө башкы башкармалыгынын Санкт-Петербург шаардык бөлүмүнүн сайтында.

Тергөө комитети менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтары боюнча, Мамасалиевдин жанындагы досу — Ишен Кенешбек уулу ооруканага жаткырылган — ал желкесин, ээгин, ошондой эле жогорку жаак муундары менен арка бөлүгүнүн жумшак ткандарын кокустатып алган.

Кенешбек уулунун абалы учурда канааттандыраарлык деп бааланып жатат, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Орусиянын Тергөө башкы башкармалыгынын Санкт-Петербург шаардык бөлүмү «Клоопко» маек берип жатып окуянын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берүүдөн баш тартты — мамлекеттик органдын пресс-релизине ылайык, кыргызстандыктар ресторанда спирт ичимдиктерин ичишкен.

Орусиянын Тергөө башкы башкармалыгынын Санкт-Петербург шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын белгилери менен Орусиянын кылмыш кодексинин 105-беренеси менен каралган адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгошту. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков «Клоопко» берген маегинде кыргызстандыктарды Санкт-Петербург шаарындагы консулдуктун кызматкерлери таанышкандыгын билдирди.

Кыргыз диаспорасы каза болгон жарандын сөөгү менен «Жүк-200дү» мекенине жөнөтүү үчүн документтерди даярдап жатат, дейт Кадырбеков.

Мамасалиев — эки ай аралыгында Оруссиядагы массалык мушташуудан каза болгон экинчи кыргызстандык. 2012-жылдын июнь айынын аягында Иркутскидеги кыргыз иммигранттарынын ортосундагы мушташтын жыйынтыгында 24 жаштагы жигит каза болгон.

2012-жылдын апрелинде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жыл башынан бери чет өлкөдө 20дан ашык Кыргызстандын жараны каза болгондугун айткан.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков