Хакерлердин чабуулунан кийин Кыргызстандын өкмөтүнүн сайты иштей элек

Сауд Аравиясынын хакерлери чабуул жасап, бузуп ачкандан кийин  экинчи күн өкмөттүк интернет-портал иштебей эле. Өкмөттүн басма сөз кызматы сайтты бир күндүн ичинде ишке киргизе тургандыктарын айтып, убада беришкен.

Өкмөттүн расмий сайтына 28-августта чабуул жасалган — түшкө чейин сайттын негизги бетинде арабча жазуулар менен Сириядагы өкмөткө каршы митингдер жана андагы согуштардын видеолору көрүнүп турган.

28-августта түштөн кийин сайт өчүрүлгөн — интернет-баракчасына киргенде ката кеткендигин көрсөтүп калган.

Сайтка кирүү аракетин көргөндө «URL http://www.gov.kg/ дарегине киргенде төмөнкүдөй ката кетти: [...] менен байланышууга мүмкүн болгон жок», — деген жазуу пайда болуп калган.

Өкмөттүн аппаратынан сайт дагы да болсо калыбына келтирилип жатат, деп айтышты.

28-августтагы эртең менен сайтта жазылган жазууларга ылайык, өкмөттүн порталына «HP-Hack» Dr-TaiGaR жана [NeT-DeviL] топтору тарабынан чабуул жасалган — аталган хакерлер 27-августта Крымдын мамлекеттик сайтына да чабуул жасашып, аны бузуп ачышкан.

Анда аппараттын техникалык бөлүмүнөн системалык администратор бул көйгөй боюнча иш алып барып жатат деп билдиришкен.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде сайтты 28-августтун кечине чейин калыбына келтирип, ишке киргизе тургандыктарын убада кылган.

«КирТАГ» маалымат агенттиги өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме жасап министрлер кабинети Ички иштер министрлиги менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине хакерлердин ким экендигин аныктоо тапшырмасын берген деп билдирген.

«УКМКга, ошондой эле ИИМге аталган чабуулга тиешеси бар адамдарды аныктап, аларды жоопко тартуу боюнча чараларды көрүү тууралуу тиешелүү жазуу түрүндөгү каттар жиберилген», — деп жазган «КирТАГ».

«Клооптун» техникалык бөлүмүнүн адиси Михаил Савочкин өкмөттүк сайт «ВордПресс» системасынын эски версиясы боюнча иштей тургандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылды — программисттин пикиринде, ал начар, алсыз.

Савочкин чабуул максаттуу түрдө багытталбагандыгын белгиледи.

Бул жарым жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик сайттарына чабуул жасалып, бузулуп ачылган биринчи окуя эмес — 22-майда ирандык хакерлер Коргоо министрлигинин сайтына чабуул жасашкан.

Анда мекеменин сайтында «Кокаин» командасы тарабынан чабуул жасалды» деген жазуу пайда болгон.

Автор: Айшоола Айсаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков