Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 29-августтагы жыйынында премьер-министрликке алып чыгуу үчүн президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатбалдиевдин талапкерлигин карады.
Фракция жыйынында КСДПнын депутаттары жаңы өкмөттөгү премьер-министрдин кызматына талапкерлерди карады.
Бир нече кыргыз маалымат агенттиктери Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы өкмөт башчылыкка президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди алып чыккандыктары тууралуу материалдарды басып чыгарышты.
«АКИпресс» маалымат агенттиги социал-демократ Бахтияр Кадыровго шилтеме жасап Сатыбалдиевдин талапкерлиги бекитилди деп жазды.
«24» маалымат агенттиги да фракция премьер-министрликке президенттин аппарат жетекчисин алып чыгуу чечимине келди деп жазган.
Азырынча социал-демократтардын өзүлөрү Сатыбалдиевдин талапкерлиги бекитиле элек деп, фракциядан анын өкмөт башчылыгына сунуштала тургандыгын «Клоопко» ырасташкан жок.
Депутат Мамытбай Салымбеков премьерлик кызматка талапкерлерди кароо фракциянын 30-августтагы кийинки жыйынында улана тургандыгын айтты. Анын сөзүн парламентарий Токтогул Туманов ырастады.
КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурбек Беделбаев Сатыбалдиевди премьерликке алып чыгуу тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагып , фракциядан талапкерди алып чыгуу маселесин кароо 30-августта улана тургандыгын айтты.
«Азаттык» радиосу Турсунбековго шилтеме жасап, «чындыгында» өкмөт башчылыгына 3-4 кишинин талапкерлиги каралып жаткандыгын жазган.
«Клоопко» депутат Жусупали Исаев 30-августта КСДП аталган кызматка дагы төрт кишинин талапкерлигин карай тургандыгын айтты. Парламентарий ал талапкерлердин аты-жөнүн атоодон баш тартты.
Буга чейин КСДПнын лидери өкмөт башчылыгына төрт кишинин - Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев, «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев жана өткөөл мезгилдеги өкмөттүн жетекчисинин мурунку орун басары Амангельди Муралиев – талапкерликтери каралып жаткандыгын айткан.
Коалициянын түзүлүшү
Президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги жаңы башкаруучу коалицияны түзүүнү КСДП фракциясына тапшырган.
Курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген буга чейинки коалиция 22-августта таркаган. Андан эки күн өткөндөн кийин президент Атамбаев өкмөттү отставкага кетирген.
«Ата Мекен» менен «Ар-Намыс» жаңы коалицияга кирүүгө көңүлдөрү бар экендигин билдирди, ал эми «Республика» менен «Ата-Журт» коалицияга киришеби, жокпу азырынча так жооп берише элек.
«Ата-Журттан» депутат Талант Мамытов «белгилүү бир шарттарда» алардын фракциясы жаңы коалициянын курамына кирүүгө каршы эместигин «Клоопко» билдирди.
«Коалициялардын максаты бийликке келүү гана болбостон өлкөнүн экономикалык көрсөткүчүнүн жакшырышы, ошондой эле элдин биригиши болушу керек», — деди Мамытов.
Бирок парламенттик көпчүлүктүн курамына кирүүгө «ата-журтчулардын» бардыгы эле макул эмес. Депутат Жылдызкан Жолдошева эгер коалицияда «Ата Мекен» болсо парламенттик көпчүлүктүн курамына киргиси келбестигин билдирди.
«Акыркы жыйырма жылдан бери [«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек] Текебаев биздин мамлекет менен элге душмандай болуп калды, анткени анын амбициясы жана алысты көрө албастыгынан улам канчалаган доо кетти», — деди Жолдошева.
Ал 2005-жылдын мартында жана 2010-жылдын апрелинде болгон акыркы эки революцияны мисал катары келтирди.
Депутат Чолпон Султанбекованын сөзү боюнча, эгер жаңы министрлер кабинети Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн реформаларын ишке ашыра турган болсо «Республика» фракциясы жаңы коалициянын курамына кирүүгө каршы эмес.
«Эгер Өмүрбек Токтогулович баштаган реформалар улантылса жана ал өлкөгө туруктуулукту алып келсе — биз бирге иштөөгө макулбуз», — дейт Султанбекова.
Бирок «Республиканын» сунуштары эске алынбаса, фракция оппозицияга кетет, деди Султанбекова.
Буга чейин «Республика» фракциясы «Ата Мекен» менен бир коалицияга кирбей тургандыгын билдирген.
Таркап кеткен «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курамына «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.
Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери үчүнчү коалициянын таркашы. Курамына КСДП, «Республика» жана «Ата-Мекен» кирген биринчи коалиция эки гана күн иштеген.
«Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракцияларынан турган экинчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин – 2011-жылдын аягында таркаган.
КСДП үчүнчү жолу парламенттик коалицияны түзгөнү жатат. Президент Атамбаев анын мурунку лидери болуп эсептелинет — ал КСДПнын курамынан өлкө башчысына кайсы бир партиянын мүчөсү болууга мүмкүндүк бербеген мыйзам нормасына ылайык чыккан.
Автор: Шахида Дүйшеева
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөт Кыргызстандын президентинин сайтынан алынды