Сот Тыныбекованын Олимпиадага барганын «мыйзамга туура келбеген» аракет катары баалады

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жашы жете элек кызды «сабаган» деп күнөөлөнүп жатат — аны Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан катышсын деп кылмыш ишин убактылуу токтотушкан. Бишкек шаардык соту «жабыр тарткан кыздын» апасынын даттануусун канааттандырып, кылмыш ишин токтотууга олимпиадага барып келүү себеп болгон эмес деген чечим чыгарды.

Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды – райондук соттун чечимине ылайык Тыныбекова 2012-жылдын июль айынын аягынан августтун ортосуна чейин Лондондо өткөн Олимпиадалык оюндарга барып келиши үчүн ага карата козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулган.

Шаардык сотко «сабаганда жабыр тарткан» 17 жаштагы Ясмин Нурдин кызынын апасы Нуриля Кочкорбаева даттанып арыз менен кайрылган.

Тыныбекованын жактоочусу Тимур Жалеев Кочкорбаева даттануу арызын эмнеге жазгандыгын түшүнбөй жатат.

«Бул жеке даттануу эмнеге каралып жаткандыгын мен такыр билбейм [...] Негизинен ал иш кандай болгон күндө деле кайрадан калбына келтирилмек да», — деди Жалеев.

Кочкорбаева Ленин райондук сотунун «сабоо» тууралуу карап жаткан иштери боюнча чечимдеринин биринин «мыйзамсыздыгын» далилдеп, ал судьяны алып таштай ала тургандыгын айтып түшүндүрдү.

«Эми менде судьяны алып таштоо керек деп айтууга негиз бар, анткени ал мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатат», — дейт кыздын апасы.

«Агрессивдүү реакция»

Тергөөнүн маалыматы боюнча 3-апрелде Тыныбекова күрөш боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Розалия Тилегенова менен бирге 17 жаштагы кызды Кыргыз улуттук филармониясынан алыс эмес жерден «сабап» салышкан.

Нурдин кызы курбулары менен филармониянын жанындагы жер төлөөдөн өтүп баратып Тыныбековадан «өтүп кетейинчи» деп сурангандыгын айткан.

«Мен өтүп кетсем болобу деп сурап колум менен акырын тийип алгам. Ал буга агрессивдүү реакция жасап, нааразы болуп кыйкыра баштады», – дейт Нурдин кызы.

Андан соң аны Тыныбекова колунан алып, жер төлөөдөн чыгарып Тилегенова экөө «сабап» салышкандыгын айтты.

«Бир группалаш курбум жардам берүүгө аракет кылды, бирок колунан келбей койду. Калганы жер төлөөдөн чыгып кетүүгө гана үлгүрүп, дең-дароо болуп карап гана калышты», — деп эскерет Нурдин кызы.

Кыздын апасы Нурия Кочкорбаева «сабалгандан» кийин мурду сынып, баш сөөгү чайкалып 10 күн ооруканада жаткандыгын айткан.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков