Мамлекеттик сайттарга тендер тууралуу маалыматтарды жайгаштырбагандар кылмыш жоопкерчилигине тарылышы мүмкүн

Каржы министрлигинин өкүлү атайын адистештирилген сайттарда маалымат жайгаштырбагандар үчүн «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды катаалдатууну сунуштады.

Каржы министрлиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү даярдап жатат – ал парламенттик сессия башталаары менен депутаттардын кароосуна сунушталат.

Каржылык көзөмөл жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Бакетаев өткөрүлүп жаткан тендерлер тууралуу маалыматтарды Каржы министрлигинин сайтына жайгаштырбай, мыйзам бузгандар үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады.

Бакетаевдин пикиринде, «ири» тендерлерде мыйзам бузгандар үчүн жазаны кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин катаалдатуу керек.

Дүң соодалай турган комиссиянын төрагасы менен ишкананын жетекчилиги бир адам болушу керек — эгер тендер тууралуу маалыматтар сайтта пайда болбосо ошол адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек, деп эсептейт Бакетаев.

«Буга бир киши жоопкер болсо жакшы болот. Качан көп киши жоопкерчиликтүү болгондо жоопкерчилик жок болуп калат», — деди ал.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, өткөрүлүп жаткан тендердин катышуучулары Каржы министрлигиндеги адистештирилген zakupki.okmot.kg. сайтына маалыматарды жайгаштырууга милдеттүү.

«Бул мыйзамдын талабы. Алар басып чыгарууга милдеттүү», — дейт мамлекеттик сатып алуулардын анализи жана методологиясы башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Абакеев.

Мамлекеттик сатып алуулардын zakupki.okmot.kg порталы Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан тендерлер тууралуу маалыматтарды жайгаштыруучу жалгыз мамлекеттик сайт.

Автор: Алексей Ким

Которгон: Илгиз Чалбараков