Парламент: мурунку коалициядагы фракциялар партиясыз премьерди каалап жатышат

Өкмөттү парламенттеги кайсыл бир партиянын өкүлү эмес, башка адам деле башкара алмак деп билдирди КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков. Буга чейин фракция премьер-министрлик орунга президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин караган.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү  боюнча, социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков өзүнүн партиялаштарына жаңы  коалицияны түзүү боюнча башка фракциялардын жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу айтып берген.

КСДП парламенттеги жаңы көпчүлүк коалициясын түзүү мандатын алган.

Турсунбеков КСДП, «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» жана «Республика» фракциялары өкмөттөгү жогорку кызмат орундарына келе турган талапкерлерге бирдей талаптарды коюшкандыгын айтты.

«Жалпысынан бардык фракциялар өкмөттү парламенттеги партиялардын өкүлү болбогон адам башкара алат деген пикирди колдошот», — деп кайталап жазат КСДПнын лидеринин сөзүн парламенттин басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүндө ошондой эле КСДПнын депутаттары фракция жыйынында премьер-министрликке президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин карагандыгы, бирок бул боюнча акыркы чечим кабыл алына электиги жазылган.

Буга чейин кыргыз ММКлары социал-демократтар Сатыбалдиевди өкмөт башчылыгына алып чыгууга макул болуп бекитишти деп жазышкан.

Депутаттардын өзүлөрүнүн билдирүүлөрү боюнча, бүгүн, 30-августта алар өкмөт башчылыгына болжолдонуп жаткан дагы төрт кишинин талапкерлигин карашы керек.

Парламенттеги башкаруучу коалициянын курамына кайсы фракциялардын кире тургандыгы дагы деле белгисиз. Ага мурунку коалициядан биринчилерден болуп чыккан «Ар-Намыс» менен «Ата Мекен» киргиси келгендиктерин билдирген.

Курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген буга чейинки көпчүлүк коалициясы 22-августта таркаган.

Коалициянын таркашы отставкага кеткен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» менен «Ата Мекендин» ортосундагы кайым айтышуу менен коштолгон.

«Ата Мекен» Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган деп күнөөлөгөн — бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, кымбат бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген имиш.

«Республика» жооп катары «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

Президент өкмөттү 24-августта отставкага кетирген, ал эми 27-августта  КСДП фракциясына жаңы коалицияны түзүүнү тапшырган.

Таркап кеткен «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курамына «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери үчүнчү коалициянын таркашы. Курамына КСДП, «Республика» жана «Ата-Мекен» кирген биринчи коалиция эки гана күн иштеген.

«Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракцияларынан турган экинчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин – 2011-жылдын аягында таркаган.

КСДП үчүнчү жолу парламенттик коалицияны түзгөнү жатат. Президент Атамбаев анын мурунку лидери болуп эсептелинет — ал КСДПнын курамынан өлкө башчысына кайсы бир партиянын мүчөсү болууга мүмкүндүк бербеген мыйзам нормасына ылайык чыккан.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков