«Республика» фракциясы оппозицияга кетүү ниетин билдирди

Фракция парламенттеги жаңы коалициянын курамына кирбей калышы мүмкүн — «Республика» оппозицияга кетүү ниетин билдирди, дейт депутат Абдыжапар Бекматов. Мындай чечимге «фракциялар ортосундагы портфель бөлүшүү» себеп болгон.

«Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «24» маалымат агенттигине берген маегинде партия оппозицияга кете тургандыгын билдирген.

Бул КСДП фракциясы түзүп жаткан парламенттик коалицияга «Республика» кирбей калышы мүмкүн экендигин билдирет.

«24» агенттиги Сулаймановго шилтеме жасап фракция «Ата Мекен» болушу мүмкүн болгондуктан коалицияга кирүүдөн баш тарткандыгын жазган. Августтун ортосунда «Республика» менен «Ата Мекендин» ортосундагы мамиле бузулган.

Сулаймановдун кесиптеши, депутат Абдыжапар Бекматов «Клоопко» берген маегинде фракциянын оппозицияга кетүү ниети бар экендигин ырастады.

Бекматовдун айтымында, коалиция түзүү учурундагы «портфель бөлүштүрүү» «Республика» партиясына жакпай жатат.

«Республиканын» оппозицияга кетүү ниетин депутат Чолпон Султанбекова да ырастады — ал эгерде ар бир фракцияга премьер-министрликке талапкерлерин алып чыгууга мүмкүнчүлүк берсе партия коалицияга кире тургандыгын айтты.

КСДП фракциясы жаңы парламенттик коалицияны түзүүнү 27-августта баштаган – анын курамына кирүү ниеттерин «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары билдиришти.

Курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген буга чейинки коалиция 22-авгутта таркаган. Ага курамынан «Ата Мекендин» чыгышы себеп болгон.

Коалициянын таркашы

2012-жылдын август айында «Республика» жана «Ата Мекен» фракцияларынын ортосунда жаңжал чыккан.

Коалициянын таркашы отставкага кеткен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» менен «Ата Мекендин» ортосундагы кайым айтышуу менен коштолгон.

«Ата Мекен» премьер-министр жана «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, кымбат бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

«Республикадагы» биримдиктин бузулушу

Бир катар кыргыз ММКлары «Республиканын» бардык мүчөсү оппозицияга кетиши мүмкүн эмес деп жазышкан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы 29-августа депутат Канатбек Исаевге шилтеме жасап «Республикадан» парламенттик коалицияга кирүүгө 7-10 депутат даяр экендигин жазган.

Исаевдин өзү болсо парламенттик көпчүлүк таркагандан кийин дароо эле «Республикадан» чыгарылган. Партия жетекчилиги Исаевдин чыгарылуусун «өзү билип жасаган билдирүүлөрү» үчүн деп түшүндүргөн — ал «Биримдик» парламенттик коалициясынын мурунку башчысы катары альянстын таркагандыгы жөнүндө расмий билдирүү жасаган.

Исаевдин айтымында, жогоруда айтылган 7-10 киши буга чейинки коалицияга нааразы болушкан.

Түшүндүрмө алуу үчүн депутат менен байланышканыбызда ал жеткиликсиз болуп чыкты.

Канатбек Исаев бир жарым жылдан бери фракция лидери жана парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн башчысы болгон.

Бирок 2012-жылдын июль айынын ортосунда ал «Республиканын» лидерлигинен четтетилип, анын ордун Алтынбек Сулайманов ээлеген.

Коалицияны түзүү боюнча жүргөн сүйлөшүүлөр

Парламенттеги башкаруучу коалициянын курамына кайсы фракциялардын кире тургандыгы дагы деле белгисиз. Ага мурунку коалициядан биринчилерден болуп чыгып кеткен «Ар-Намыс» менен «Ата Мекен» киргиси келгендиктерин билдирген.

Буга чейин «атамекенчи» Туратбек Мадылбеков жаңы коалицияга болжолдуу түрдө «Ата Мекен», «Ар-Намыс», КСДП, «Республикадан» Канатбек Исаевдин тобу жана «Ата-Журттан» бир нече депутат кириши мүмкүн деп билдирген.

Таркап кеткен «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курамында «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары болгон.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери үчүнчү коалициянын таркашы.

Курамына КСДП, «Республика» жана «Ата-Мекен» кирген биринчи коалиция эки гана күн иштеген.

«Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракцияларынан турган экинчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин – 2011-жылдын аягында таркаган.

КСДП үчүнчү жолу парламенттик коалицияны түзгөнү жатат. Президент Атамбаев анын мурунку лидери болуп эсептелинет — ал КСДПнын курамынан өлкө башчысына кайсы бир партиянын мүчөсү болууга мүмкүндүк бербеген мыйзам нормасына ылайык чыккан.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Республика» партиясынын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасынан  алынды