УКМК Казакстандан мунайзатын жер асты аркылуу аткезчилик менен алып келген каналды тапты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 24-августта Казакстандан Чүй суусу аркылуу аткезчилик менен мунайзатын алып келген каналды таап, жолун жапты.

Казакстандан мунайзатын аткезчилик менен алып келген ишкана Чүй облусунун Токмок шаарынын жанындагы Милянфан айылында жайгашкан, деп айтышты УКМКнын басма сөз кызматынан.

Мунайзаты ал жерге бассейни кыргыз жана казак аймагын тең өз кучагына алган Чүй суусунун алдындагы түтүк аркылуу Казакстандан келип турган.

УКМКнын кызматкерлери ал жерден жасалма документтер менен Кыргызстандын түштүгүнө жиберүү үчүн даярдалган 2 миллион сомго бааланган 53,9 цистерналуу унааны табышты, деп билдирет УКМК.

Ыкчам топтогулар ишкананын кызматкерлерин кармашкан — алардын саны канча экендигин тактап билдиришкен жок, азырынча башкоргоо чаралары белгилене элек.

Басма сөз кызматы кармалгандардын жактоочуларынын телефондорун журналисттерге берүүдөн баш тартты.

УКМКнын тергөө башкармачылыгы «аткезчилик» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков