«Ар-Намыс» премьерликке социал-демократ Сатыбалдиевдин талапкерлигин алып чыгууну колдоду

«Ар-Намыс» фракциясы премьер-министрликке социал-демократ Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоду, деп жазат өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы эккаунтунда депутат Турсунбай Бакир уулу.

«Ар-Намыс» өзүнүн 30-августтагы жыйынында премьер-министрликке президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды.

Сатыбалдиев мүчө болгон Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы анын премьерликке талапкерлигин буга чейин караган.

«Ар-Намыс» фракциясы премьер-министрликке Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин дээрлик бир добуштан колдоду. Экөө гана калыс добуштарын берди: мен жана Камила Талиева», — деп жазат  парламентарий Турсунбай Бакир уулу.

Анын айтымында, Сатыбалдиевдин талапкерлиги боюнча талкуулар эки жарым саатка созулган.

«Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевге суроолорду жана сунуштарын беришти – анда Каржы полициясынын жоюлушунан баштап айыл чарбасын көтөрүү, чек аралардагы көйгөйлөр, чет элдик банктардын ишмердүүлүктөрүн жеңилдетүү, кээ бир депутаттардын талап-тоноочулукка катыштыгы бардыгын изилдөө жана электр энергиясына болгон тарифтер сыяктуу маселелер козголду», — деп жазат Бакир уулу.

Премьер-министрди тандоо

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 29-августта Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин караган.

Ошол эле күнү бир катар кыргыз ММКлары социал-демократтар тарабынан Сатыбалдиевдин талапкерлиги бекитилди деп жазып чыгышкан, бирок фракция депутаттары анын талапкерлиги эми гана каралып баштагандыгын айтышып, анын бекитилгендиги тууралуу маалыматты четке кагышкан.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков 29-август күнү кечинде мурунку коалициядагы фракциялар келээрки өкмөт башчысы партиясыз адам болушу керектигине макул болушкандыгын билдирген.

Коалициянын таркашы

Курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» коалициясы 22-августта альянстын курамынан «Ата Мекен» чыккандан кийин таркаган. Андан эки күн өткөндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирген.

Коалициянын таркашы яРеспублика» менен «Ата Мекендин» ортосундагы кайым айтышуу менен коштолгон.

«Ата Мекен» августтун ортосунда «Республиканын» лидери Өмүрбек  Бабановду Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, кымбат бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берип, анын ордуна 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерине 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешелери бар деген күнөө койгон.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков