Хроника: Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүн белгилөө

Кыргызстандыктар өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгын майрамдоону башталды. Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун сөз сүйлөөсү менен башталды. Андан кийин сахнага бий топтору менен кыргыз поп-аткаруучулары чыгышты.

14:20 Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов сөз сүйлөгөндөн кийин Кыргызстандын тарыхына арналган спектакль башталды. Майрамдык салтанат кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен ы. 

14:16 Ош шаарынын мэри куттуктоо сөзүндө ошондой эле: «Ош шаарынын мэриясы курулуш тармагында да активдүү иш алып барып жатат. Жаңы имараттар курулуп, жолдор оңдолуп кңейтилүүдө. Өнөр жайында да ири өзгөрүүлөр бар. Ош шаары жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жайы боюнча биринчи орунду ээледи. Бирок биздин жетишкендиктер толугу менен борбордук телеканалдар аркылуу чагылдырылбай жатат» - деди.

 

14:12 Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата Оштун борбордук аянтында шаар тургундары менен конокторунун алдында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

13:56 Аламүдүн районунун Орто-Сай айылынын жанындагы тоого орнотулган желек сабына мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун катышуусунда 31-августта болду. Мамлекеттик туу Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгынын урматына эң бийик желек сабында көтөрүлдү.

13:50 Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгын белгилөө Ош шаарында да өтүп жатат. Майрамдык иш-чара Оштун борбордук аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.

11:56 Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган концерттин жүрүшүндө асманга "Гүлдө Кыргызстан" деген куттуктоо сөздөрү жазылган майрамдык шарлар чурулду.

11:38 Борбордун Ала-Тоо аянтында эстрада жылдыздары менен бий топторунун катышуусундагы майрамдык концерт башталды.  

11:24 Ала-Тоо аянтындагы борбордун жашоочулары менен конокторунун алдында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган куттуктоо сөзүн сүйлөдү.  

11:20 Жигиттер кыргыздын улуттук "Ордо" оюнун ойноп, мелдешип жатышат.

 

11:06 Борбордун тургундары менен коноктору Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 21 жылдыгын майрамдоону башташты.  

10:54 Борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 21 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара башталды.