Өкмөттүн басма сөз катчысы Бабанов менен Акаевдин кызынын жолуккандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров биринчи президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматты четке какты. Мындай билдирүүнү 31-августта «Вечерний Бишкек» гезити таркаткан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасында 30-августта Кыргызстанга Акаева учуп келди, деген маалымат пайда болгон — Каназаров басылманын ал материалын «такталбаган, туура эмес» материал деп айтты.

«Бул туура эмес маалымат», — деди өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси.

Материалдын автору жана «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасынын башкы редактору Дина Маслова “мурунку президенттин кызы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов менен жолукту” - деп билдирген күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына шилтеме жасаган.

Материалда маалымат расмий тастыкталган жок, деп көрсөтүлгөн, деди Маслова. Ал сөз болуп жаткан жеке булактарын ачыкка чыгаруудан баш тартты.

«Мен силерге айта албайм, анткени ал жеке булактар. Мен аларга жамандык каалабайм. [...] Жаңылыкта бул расмий тастыкталган жок деп жазылып турат», — деди Маслова.

Аскар Акаев «К-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде анын үй-бүлөсүнүн планында Кыргызстандын саясий жашоосуна аралашуу жок экендигин билдирген.

Бермет Акаева — Кыргызстандын биринчи президентинин улуу кызы жана Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты. Ал 2005-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткен «Алга, Кыргызстан» саясий партиясын негиздеген.

Акаева 2005-жылдын март айында болгон жоогазын революциясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал мамлекеттик төңкөрүштүн жыйынтыгында Аскар Акаевдин бийлигин кулатышкан

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды