Ташиевдин «диктатынан» улам «Ата-Журттун» курамынан үч депутат чыкты

Роман Шин, Нарынбек Молдобаев жана Хаджимурат Коркмазовдор «Ата-Журттун» курамынан чыккандыктарын билдиришти. Буга партия лидери Камчыбек Ташиевдин «диктаты» себеп болгон.  Шиндин айтымында, партиядан чыккан депутаттарга лидерлеринин алардын пикирлери менен эсептешпегени жакпай калган.

Депутат Роман Шин ал жана анын партия мүчөлүгүнөн чыккан кесиптештери лидери Камчыбек Ташиев менен макул эместиктерин «Клоопко» билдирди.

«Фракцияны да, партияны да бир эле кишилер башкарып жатышат [Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров], бардык жерде диктат орнотулган, эч кимдин пикирин угушпайт», —деп нааразычылыгын билдирди ал.

Айтымында, «Ата-Журттун» лидерлери партияны «өздөрүнүн менчиги» катары эсептешет.

Роман Шин партиядан чыккандан кийин депутаттык ишмердигин улантып, КСДП түзүп жаткан парламенттик коалиция менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Анын партиялашы Нарынбек Молдобаев Шиндин айткандарын ырастап, партия мүчөлүгүнөн чыгып кеткен депутаттар менен «Ата-Журттун» жетекчилигинин ортосунда «саясий пикир келишпестик» болгондугун айтты.

Камчыбек Ташиевдин өзү болсо түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

«ЦА-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде «Ата-Журттун» лидери партия мүчөлүгүнөн Шинди, Коркмазовду жана Молдобаевди чыгаруу чечими 29-августтагы партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынгандыгын билдирген.

Ташиевдин айтымында, алар «партиянын уставын бузгандыктары» үчүн чыгарылган.

Молдобаев Ташиевдин айткандарын четке кагып, 29-августтагы саясий кеңештин жыйынында партия жетекчилигинде «бийлик үчүн күрөш» болгон жана аларды «Ата-Журттан» чыгара алышкан эмес.

«ЦА-Ньюстун» билдиргени боюнча, «Ата-Журттун» курамын  «тазалоо» саясий кеңештин 30-августтагы жыйынында уланат.

Партия лидери

Камчыбек Ташиев июнь айынын ортосунда парламенттеги «Ата-Журт» фракциясынын лидерлигинен кеткен — анын ордун Садыр Жапаров ээлеген.

Ташиев өзүнүн кетишин «коомчулук менен көбүрөөк иштегиси келгендиги» менен түшүндүргөн.

Фракция лидерлигинен кеткенден бир ай өткөндө Ташиев «Ата-Журт» партиясынын жеке лидери болуп тандалган.

Анда ал «ишенимсиздиги» жана «таза эместиктери» үчүн партия курамынан бир нече депутатты чыгаруу ниети бар экендигин билдирген, бирок ал парламентарийлердин аты-жөнүн айткан эмес.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков