Бабанов мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин эле кызматынан кетти — президент министрлер кабинетин августтун аягында отставкага кетирген. Министрлер кабинетинин башчысынын милдеттери вице-премьер Аалы Карашевге жүктөлдү.

Мурунку премьер-министр президент Алмазбек Атамбаевге кызматынан кетип жаткандыгы тууралуу билдирүү жазылган кат жөнөттү.

Атамбаев Бабановдун отставкасы тууралуу жарлыкка кол коюп, премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып вице-премьер Аалы Карашевди дайындады.

Расмий сайтында Бабановдун кыргызстандыктарга кайрылуусу жазылган — анда ал өлкөнүн саясий жашоосуна катыша бере тургандыгын билдирген.

«Мен саясатта калам, ар дайым өз элим үчүн кызмат кылам», — деп жазылган билдирүүсүндө.

Бабановдун басма сөз катчысы Султан Каназаров комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп чыкты — «Клооп» анын отставкага кетүүсүнүн себебин тактай алган жок.

Бабанов убада кылынган реформалардын бардыгын аткарбагандыгын моюунуна алды.

«Биз башталган реформалардын бардыгын аягына чейин жеткирүүгө жетишпей калгандыгыбыз үчүн баардыгынан кечирим сурайм», — деп жазылган өкмөттүн сайтында.

Бабанов премьер-министрлик кызматка 2011-жылдын 23-декабрында келген — Атамбаев Бабановдун өкмөтүн 2012-жылдын 24-августунда отставкага кетирди.

Өкмөттүн отставкага кетирилишине «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары курамынан чыккандан кийин парламенттик «Биримдик» коалициясынын таркашы себеп болгон, деп жазылган президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков