Чек ара аскерлигинин башчысы отставкага кетүү тууралуу арызын берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара аскерлигинин башчысы Закир Тиленов Ысык-Көл облусундагы «Эчкили-Таш» чек ара заставасындагы жаңжалдан кийин президентке отставкага кетүү тууралуу арызын берди – аталган чек ара заставасында 19 жаштагы чек арачы беш адамды атып өлтүргөн.

Президент Тиленовдун отставкага кетүү тууралуу берген арызын карап жатат, деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Шамил Атаханов коргоо жана коопсуздук комитетинде сүйлөп жатып.

«Ал өзүнүн отставкасы жөнүндөгү рапортту Кыргызстандын президентинин атына жөнөттү, анда ал был кызматта отурууга моралдык укугу жок экендигин белгилеген. Учурда президент ал арызды карап жатат», — деп жазат КирТАГ Атахановдун сөзүн кайталап.

Чек ара аскерлигинин башчысы болсо комментарий берүүдөн баш тартты.

УКМКнын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы жана мекеменин өзү Тиленовдун отставкага кетүү тууралуу рапорт бергендигин билишпейт.

Президент 1-сентябрда УКМКнын алдындагы Чек ара аскерлигинин башчысынын эки орун басарын — Рыскелди Мусаев менен Таалайбек Адашпасовдорду кызматынан кетирген

Аларды кызматтан кетирүүгө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Эчкили-Таш» чек ара заставасындагы жаңжал себеп болгон. Анда 19 жаштагы Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы беш кишини атып салган.

Кийинки күнү ал чек арачы колго түшүрүү маалында атылып өлтүрүлгөн.

«Колго түшүрүүнүн жүрүшүндө ал куралы менен каршылык көрсөткөн жана куралсыздандырылган. Тактап айтканда, ал өлтүрүлгөн», — деген УКМКнын Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Бөрүбаева чек арачыны Ысык-Көл облусунун Айташ капчыгайында табышкандыгын айткан — ал милиция кызматкерлери айдап жүрөт деп издеп жаткан «Нива» унаасын «Эчкили-Таш» чек ара заставасынан 4-5 чакырым алыстыкта калтырып койгон.

Ушул сыяктуу окуя май айынын соңунда Казакстанда болгон — анда чек арачы Владислав Челахты 14 бирге кызмат кылган жоокер менен мергенчилерге жол көрсөтүп берүүчү егерди «Арканкерген» чек ара заставасында атып салган, деп күнөөлөшкөн.

Челах болсо ага карата коюлган күнөөлөрдүн бардыгын четке кагып жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чалбараков