Ысык-Көл: Бир күндүн ичинде токойдогу өрттүн аянты үч эсеге көбөйдү

Куткаруучулар Ысык-Көл облусунун кыргыз-казак чек арасындагы тоо кыркаларынын 150 гектарын кучагына алган өрттү өчүрүүнү улантып жатышат. Өрт Казакстандын аймагына да өтүп кетти. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-сентябрга карата тоо кыркасынын 150 гектар жери күйүп жаткандыгын билдирди – алардын 20 гектары ийне жалбырактуу токой, калгандары кургак чөптүү аянт.

ӨКМ 2-сентябрь күнү кечинде 50 гектар жер өрттөнүп жатат деп билдирген.

Сан-Таш айылдык аймагынын токой чарбасынын маалыматы боюнча, 300 гектар токой, жайыт жана бадалдар өрттөнүп жатат.

Ысык-Көл облусунун бардык аймагындагы токойчулар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жардам берүү үчүн өрт болуп жаткан жерге келишти, деп айтышты Токой чарбасынан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Сан-Таш айыл аймагынын Солдат тоо кыркасындагы өрт болжолдуу түрдө абанын температурасынын жогору болушунан улам 31-августта саат 10:00дө пайда болгон.

Өрт калк жайгашкан жерден алыста болуп жатат, ошондуктан куткаруучулар Түп районунун жашоочуларын коопсуз жерлерге көчүргөн жок.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин өрт өчүрүү бөлүмү, куткаруучулар, милиция, облустук администрациянын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар болуп жалпысынан 200 киши катышып жатат.

ӨКМдин алдындагы кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси Мухаммед Сваровдун айтымында, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулары менен бирге «Ми-17» тик учагын бөлүп берген.

«Тилекке каршы бизде өрттү асмандан өчүрө турган атайын теникалар жок. Өрт казак тарапка да өтүп кеткендиктен биз алардан тик учак сурадык», — деди Сваров «Клоопко» берген маегинде.

2-сентябрда казак куткаруучулары күйүп жаткан аянттын үстүнөн тик учак менен аз дегенде үч жолу учуп өтүштү.

Бул Кыргызстандын аймагындагы токойлордон чыккан жалгыз өрт эмес.

Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусундагы тоо кыркаларынан сырткары Чүй облусундагы Кой-Таш айылынын тегерегинде да өрт болду — 2-сентябрда ӨКМ ал жерде 1000 гектардай аянт күйүп жатат, бирок өрттүн көпчүлүк бөлүгү өчүрүлдү деп билдирген.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков