Аукционду үзгүлтүккө учураткандар Кара-Балтада кендерди сатууга каршы митинг өткөрүшөт

28-августта алтын кендерин иштетүүгө лицензия сатуу боюнча өткөрүлүп жаткан аукционду үзгүлтүккө учураткан активисттер 5-сентябрда Кара-Балтада митинг өткөрөт. Активисттер коюп жаткан талаптарды Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин аткаруу ниети жок.   

Активисттер 12 алтын кенин иштетүү үчүн лицензиялардын сатылышына жол бербейт, дейт митингди уюштуруу менен алектенген «Асаба» партиясынын өкүлү Салмоорбек Дыйканов.

«Асаба» партиясы лицензияларды сатуу боюнча өткөрүлгөн бардык аукциондорду үзгүлтүккө учуратат — активисттер айлана-чөйрөнүн булганышынан чочулап жатышат. Кийинки аукциондун качан болору азырынча белгисиз.

Активисттер үч негизги талапты коюп жатышат:

  • 12 алтын кенин иштетүүгө лицензияларды сатууну токтотуу
  • Кара-Балта шаарына жакын Бишкек-Ош унаа жолундагы кытайлык мунай иштетүүчү фабриканы жабуу
  • Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу

Дыйканов Кара-Балтага жакын Көркүлдөк айылындагы кытай мунай өндүрүүчү фабрикасы жергиликтүү жашоочулардын ден-соолуктарына «зыян келтирип», экологиянын булгап жаткандыгын айтып түшүндүрдү.

Активисттер 5-сентябрда Кара-Балтада митинг өткөрүшөт.

Геология агенттигинин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова «Клоопко» берген маегинде мекеме кендерди иштетүүгө лицензияларды сатууну токтотпой тургандыгын билдирди.

Карачолокова активисттер кендерди иштетүү үчүн лицензияны мурункудай, «жең ичинен сүйлөшүү» жолу менен ала турган системаны кайтарууну каалап жатышат деди.

Буга чейин, 28-августта коомдук телерадиокорпорациясынын имаратында кендерди сатуу боюнча өткөрүлүп баштаган аукционду он киши кирип келип үзгүлтүккө учураткан.

Бул иш боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат, деп жазган “Вечерний Бишкек” гезитинин интернет-басылмасы жеке булактарына шилтеме жасап.

Бир катар ММКлардын маалыматтары боюнча, аукционду үзгүлтүккө учураткандардын экөөсүн кармап кетишкен, бирок “Клооп” Ички иштер министрлигинен ал маалыматтын туура экендигин аныктай алган жок.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков