Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Гүлнара Дербишева 31-августта кармалган — аны «коррупцияга» шекшип, УКМКнын тергөө абагына кармашты. Дербишеванын жактоочусу ал жаңылыштыктан улам кармалган деп эсептейт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Дербишеваны 31-августта 7 миң АКШ долларын «пара катары алып жаткан жеринен» кармашкан.
Башкы прокуратура «пара талап кылуу», «пара алуу» жана «кызмат абалынан пайдаланып зыян келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Дербишеваны УКМКнын тергөө абагына бир айга камашты.
Чиновниктин жактоочусу Искендер Жоробаев «Клоопко» берген маегинде жаңылыштык болуп калгандыгын жана Дербишева пара талап кылбагандыгын билдирди.
«Пара алып жаткандыгы боюнча бир дагы факты далилденген жок», — дейт жактоочу.
Анын айтымында, Дербишева пара алып жаткан жеринен эмес, өз каражатына он миң АКШ долларына бааланган медициналык аппараттарды сатып алуу маалында кармалган.
Дербишеваны колго түшүрүү маалында ал сатуучуларга акчанын бир бөлүгүн — 7 миң долларын берип жаткан, деди Жоробаев.
Социалдык өнүктүрүү министрлигиндегилер комментарий берүүдөн баш тартышты.
«Коррупцияга» Дербишеванын жетекчиси, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров да күнөөлөнгөн — июндун аягында аны чет элдик компаниялардын бирине Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык асыроо тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган, деген шек менен кармашкан.
Сабиров болсо ага карата коюлган айыптардын бардыгын четке кагып жатат — сот анын ишин 5-сентябрда карайт.
Гүлнара Дербишева Курманбек Бакиев президент болуп турганда парламент депутаты болгон. Бакиев качып кеткен соң 2011-2012-жылдары Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын ээлеп келген.
Автор: Айнура Каарманова
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков