Ысык-Көл облусунун токойлорундагы өрт уланып жатат, Чүй облусундагылар өчүрүлдү

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун тоолорунда төрт күнгө созулган өрттөн улам 1000 гектардай кургак чөптүү аянт күйүп кеткен. Ошол эле маалда Чүй облусундагы абал жөнгө салынса, Ысык-Көлдө токойлор, Жалал-Абадда жайыттар дагы деле күйүп жатат.

ӨКМден билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы токойдогу өрттөр уланып жатат.

Мекеменин маалыматы боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы Солдат тоо кыркасында 20 гектар токой жана 130 гектар кургак чөптүү аянт күйүп кеткен.

Өрт жетүүгө оор жерлерде болуп жаткандыктан аны өчүрүү кыйынчылыктарды туудуруп жатат, деп айтышты ӨКМден.

Кыргыз куткаруучуларында өрттү жогору жактан өчүрүүчү техникалар жок болгондуктан, 2-3-сентябрь күндөрү Казакстандын куткаруучулары тик учактары менен өрт өчүрүүгө жардам беришкен.

ӨКМдин болжолдуу маалыматы боюнча, каза болгондор жок.

Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылдык аймагынын токой чарба кызматынын кызматкерлери билдиришкендей, болжол менен Солдат тоо кыркасындагы өрттүн чыгуусуна малчылардын балдары ойноп жатып, «кокустан» чөптү өрттөп алышкандыгы себеп болгон.

Жалал-Абад облусундагы Тоо-Жүгүн жайытындагы өрт үч күндөн бери уланып жатат, ал жерде 350 гектар кургак чөптүү аянт күйүп кетти.

Жайыттардагы өрттү өчүрүүдө ӨКМдин кызматкерлерине жергиликтүү жашоочулар да жардам берип жатышат.

ӨКМ алдын алуу боюнча иш-чаралардын өткөрүлгөндүгүнө карабастан бул сыяктуу өрттөр жыл сайын боло тургандыгын билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы өрт өчүрүлдү, деди Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин улук тескөөчүсү Уланбек Таалабаев.

Бул өрт Кыргызстанда абанын температурасынын кескин жогорулагандыгынан улам августтун аягында башталган өрттөрдүн эң ириси болгон — анын айынан 1000 гектардан ашык кургак чөптүү аянт күйгөн.

ӨКМ билдиргендей, Аламүдүн районундагы өрттүн чыгышына адамдардын «өрт менен этиятсыз колдонгондугу» себеп болушу мүмкүн.

Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Азат Рузиев

Которгон: Илгиз Чалбараков