Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун эки жашоочусу 15 жаштагы көрүүсү жана угуусу жактан майып кызды «зордуктаган» деп шектелип жатышат. Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысынын айтымында, шектелген эки адам тең убактылуу камоочу жайга камалган.
15 жаштагы Сапаргүлдүн апасы Рано Эгембердиева майып кызын үйүнөн алыс эмес жердеги пахта талаасынан «зордуктаган» деп эки кишини күнөөлөп жатат.
Анын айтымында, буга чейин алардын үйүн оңдоп жүргөн төрт киши 26-август күнү кечке жуук конокко келип, күйөөсү менен спирт ичимдигин ичишкен.
Эгембердиева күйөөсүн, баласын жана кызын үйгө калтырып өзү тойго кеткендигин «Клоопко» билдирди.
Эмил жана Латип деген эки конок колдору менен жаңсап белги берип, Сапаргүлдү бирге бал муздакка барып келүүгө чакырышкан, деп билдирген Эгембердиевага анын улуу баласы – ал аны байкап калып карындашы менен кишилердин артынан барган.
Улуу балам үйүнөн алыс эмес жердеги пахта талаасында Эмил менен Латип анын карындашын «зордуктап жаткандыктарын» көргөн — барып алардын бирин уруп жибергенде качып кетишкен, дейт Эгембердиева.
Латип ошол эле күнү кийимдерин алуу үчүн талаага кайра келген — ал жерден аны Ноокен районунун милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Эмил болсо окуя болгондон беш күн өткөндөн кийин, 31-августта кармалган.
«Пара үчүн кое беришти»
Жергиликтүү кеңештин депутаты Гүлчехра Айлярова облустук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине шилтеме жасап, шектелип жаткандардын бирөөсүн — Эмилди — сурактан кийин кое берип жибергендиктерин айтты. Анын пикиринде, кармалган адамды «пара» бергендиги үчүн кое берүүлөрү мүмкүн.
«Ал көрсөтмө бергенден кийин аны кое берип жиберишкен», – деди Айлярова «Клоопко» берген маегинде.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Эгембердиева менен Айлярованын күнөө коюууларын четке кагып жатат — басма сөз катчы Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, шектелип жаткан эки адам тең убактылуу кармоочу жайда камакта.
«Эмил [шектүү] тууралуу айтып жаткандарынын бардыгы — такталбаган маалымат. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда», – деген Сусунбаев «Голос Свободы» укук коргоо уюмуна берген маегинде.
«Клооп» менен укук коргоочулар шектелип жаткан адамдар кайсыл жерде экендигин текшерип, тактай алышкан жок.
Депутат Айлярова билдиргендей, «зордуктоо» фактысы боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот.
Авторлор: Евгений Погребняк жана Жыргал Таалайбеков
Редакторлор: Зарема Сулманбекова жана Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков