«Ата-Журт» менен «Республика» азчылык коалициясын түзөт

«Ата-Журт» фракциясы «республикачыларга» азчылык коалициясын түзүүнү сунуштады — «ата-журтчу» Курманбек Осмоновдун айтымында, фракция парламенте «өз алдынча» болгусу келбей жатат.

5-сентябрда «Ата-Журт» менен «Республика» азчылык коалициясын түзүү маселесин талкуулайт, деди «Ата-Журт» фракциясынан депутат Курманбек Осмонов «Клоопко» берген маегинде.

«Мен үч фракциядан [КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс»] турган бул коалиция туруктуу болот деп ойлобойм, анткени алар 67 депутат, а чечим кабыл алуу үчүн 80ден көп добуш керек болсо — көйгөй жаралат», — дейт Осмонов.

Ал парламентте толук көпчүлүк эмес, добуштардын үчтөн бири керек болгон учурда азчылык коалиция чечим кабыл алууда өз таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Республика» фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова «Клоопко» берген маегинде коалицияга кирбей калган фракциялар азчылык коалициясын түзүүгө милдетүү экендигин айтты.

«Бул регламенте жазылган. Эгер оппозицияда эки фракция калса, алар азчылык коалициясын түзүүгө милдеттүү», — дейт депутат.

Парламенттик коалицияны түзүү тууралуу макулдашууга КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын ортосунда 3-сентябрда кол коюлган. Мындан кийин «Республика» оппозицияга кете тургандыгын билдирген.

Бирок «Республика» фракциясынын мурунку лидери Канатбек Исаев башында турган «республикачылардын» тобу парламенттик көпчүлүктү колдоо үчүн фракциядан бөлүнгөн.

«Республика» менен «Ата-Журт» «Ырыс алды — ынтымак» парламенттик коалициясына кирүүдөн баш тарткандан кийин оппозицияда калышкан.

Курамына «Республика», КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» парламенттик коалициясы 22-августта таркаган — ага акыркы күндөрү «республикачылар» менен мамилеси бузулуп кеткен «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын альянстан чыгып кеткендиги себеп болгон.

Автор: Азат Рузиев

Которгон: Илгиз Чалбараков