«Ата-Журт» мурунку партиялаштарын парламенттеги орундарынан ажыратууну талап кылып жатат

«Ата-Журттун» желегин көтөргөн 150дөй киши Ак үйдүн алдына митингке чыгып, партиянын мурунку мөчүлөрү — депутаттар Нарынбек Молдобаев, Роман Шин жана Хаджимурат Коркмазовдордон — мандаттарын тапшырып берүүсүн талап кылып жатышат.

15:11 Мадылбеков менен сүйлөшүүгө барган «Ата-Журттун» саясий кеңешинин мүчөсү Азамат Кендибаев билдиргендей, төрага Коркмазов менен «Акипресс» маалымат агенттигинин журналисттерин беттештирет  — аталган агенттик анын мурунку партиялаштарынын «улутчулдугу» тууралуу айткан сөздөрүн жазган.

«Депутат партиянын негиздөөчүлөрү улутчулдар экендигин жана ал адамдарды өлтүрүп, кескилеп жана зордуктап жатканда аныкталдыгын белгиледи», — деп жазылган «Акипресстин» «Депутат Х.Коркмазов эмне себептен «Ата-Журт» партиясынын багытын колдобой тургандыгын айтып берди» деген темада чыккан жаңылыгында.

14:17 Митингке көз салып жаткан милиция кызматкерлери «24» маалымат агенттигинин журналистине кол салуу болгондугу тууралуу маалыматты четке кагышты. Окуя болуп жаткан жерде жүргөн «Клооптун» кабарчысы Алексей Ким митинг аяктагандыгын жана 60ка жакын киши Мадылбеков менен сүйлөшүү үчүн кеткен адамдарды күтүп жаткандыктарын билдирди.

12:47 «Ата-Журт» партиясынын өкүлдөрү «24» маалымат агенттигинин журналистинин сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагып жатышат. «Минтип «24» жана «К-Ньюс» туура эмес маалыматтарды жазып жатышат. Алар бул үчүн жооп беришет», — дейт Тимур Сыдыгалиев.

12:19 Роман Шин "Клоопко" берген маегинде кесиптештери — Нарынбек Молдобаев менен Хаджимурат Коркмазовдор менен бирге — «Ата-Журттун» талап койсо дагы мандаттарын тапшырбай тургандыктарын айтты. «Конституцияга ылайык, биздики императивдүү мандат. Биз бир дагы партияга көз каранды эмеспиз», — дейт Шин.

12:02 «Клооптун» кабарчысы билдиргендей, митингчилерге Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов чыкты. Андан кийин 12 кишиден турган делегация Ак үйгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ак үйгө кирип кетишти.

11:05 «24» маалымат агенттигинин башкы директору Асель Оторбаева «Фейсбук» социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына Ташиев журналистке кол салгандарды аныктап, тартипке келтирүүнү убадалагандыгын жазган.

Оторбаеванын айтымында, журналистке кол салу учурунда милиция кызматкерлери эч нерсе кылбай карап турушкан.

«Милициядагылар да ойгонушту, …алар арыз жазууну сунушташты. Биз албетте жазабыз. Бирок алар эмнеге бейбаш-аял сумка менен Дарьяны ургулап жатканда эч нерсе кылбай карап турушту?!», — деп жазган башкы директор.

11:00 Митингке чыккандардын бири «24» маалымат агенттигинин кабарчысы Дарья Подольскийди уруп жиберди, деп билдиришти агенттиктин редакциясынан – анын себеби азырынча белгисиз.

10:52 «Ата-журтчу» бир нече депутат «мамилени ачыктоо» үчүн Коркмазовду Жогорку Кеңештин жыйынынан алып чыгып кетишти, деп жазат «К-Ньюс» маалымат мгенттиги.

Ташиев депутат өзүнүн мурунку партиялаштарын «бет карамалык» менен чакырат деп билдирди, деп жазат «К-Ньюс».

Депутаттар жыйындар залына кайтып келишти жана төрага аларды ишти улантууга чакырды, деп жазылган маалымат агенттигинин сайтында.

10:37 Митингке чыккандардын лидеринин айтымында, алар депутаттардын кетишин талап кылып жатышат.

Коркмазов 3-сентябрда журналисттер менен жолугуу учурунда Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда болгон улуттар аралык кагылышка өзбектердин гана эмес кыргыздардын да тиешеси бар деп билдирген — «ата-журтчулар» бул билдирүүнү анын мандатын тапшырууну талап кылуунун себеби катары айтып жатышат.

Митингдин уюштуруучуларынын бири алар ошондой эле КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан түзүлгөн жаңы коалициянын «Ырыс алды — ынтымак» деп аталышына каршы экендиктерин айтты — бирок алардын каршы болуусунун себептерин түшүндүргөн жок.

09:43 Митингке чыккандар "Роман Шин,Хаджимурат Коркмазов жана Нарынбек Молдобаевдер – саясий сойкулар!" жана " Текебаев, өзүң жазган мыйзамды бузба!" деген жазуулары бар баракчаларды жазып алышкан.

09:30 Митингчилер башка тарапка өтүп кеткен депутаттардан мандаттарын өткүрүп берүүсүн талап кылып жатышат.

09:14 150-200 кишинин катышуусундагы митинг Ак үйдүн алдында башталды.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков