«Ата-Журт» «улутчулдукка күнөөлөгөндүгү» үчүн партиянын мурунку мүчөсүн сотко берүү менен коркутууда

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев саясий кеңеш партиянын мурунку мүчөсү, депутат Хаджимурат Коркмазовду «улутчулдукка күнөөлөгөндүгү» үчүн сотко берүү чечимин кабыл алды, деп билдирди. Коркмазов болсо «Ата-Журт» партиясынын лидеринин койгон күнөөлөрүн четке кагууда.

Ташиев «Клоопко» берген маегинде Коркмазовго каршы доо арыз жазуу чечими партиянын саясий кеңеши тарабынан кабыл алынгандыгын айтты — буга депутаттын партияны «кыргынга» катышууга жана «улутчулдукка» күнөөлөп берген маеги себеп болгон.

«Көрсө ал кечээ жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип, партиянын жетекчилиги же партиянын өзү адамдарды сабоого, зордуктоого, ошондой эле кыргынга катышкан деп айтыптыр», — дейт «Ата-Журттун» лидери.

Партия 4-сентябрда дооматтарын сотко жиберген — Ташиев кайсы сотко экендигин тактап айта алган жок. Анын айтымында, фракция депутаттары Коркмазовго карата чара көрүү боюнча Башкы прокуратурага арыз жиберишкен.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Ата-Журттан» арыз алгандыктарын ырастаган жок.

Коркмазов болсо партия мүчөлөрүн «улутчулдукка» күнөөлөгөн эмесмин дейт.

«Журналисттер менин сөздөрүмдү бурмалап салышыптыр», — деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Коркмазовдун сөзүн кайталап.

Депутаттар  Хаджимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобековдор «Ата-Журт» партиясынын мүчөлүгүнөн сентябрдын башында чыгышкан — алардын айтымдарында, буга Ташиевдин «диктаты» себеп болгон.

«Фракцияны да, партияны да бир эле адамдар башкарат [Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров], бардык жерде диктат орногон, эч кимдие пикирин угушпайт», — деп нааразы болот Шин.

Анын айтымында, «Ата-Журттун» лидерлери партияны «өздөрүнүн жеке менчиги» катары эсептешет.

Роман Шин партиядан чыккандан кийин ал депутат болуп иштей бере тургандыгын жана курамына «Ата-Журт» кирбеген парламенттик коалиция менен кызматташууга даяр экендигин айткан.

Ташиевдин айтканы

2012-жылдын башында Ташиев өзү улутчулдукка күнөөлөнгөн — болжол менен ал премьер-министр «таза кандуу кыргыз» болушу керек деп айткандан кийин күнөөлөнгөн.

Ташиев 7-февралда «Де-Факто» гезитине берген маегинде «биз күрттөрдүн артынан бара жатабыз» деген, анда ал «биз» деп этникалык кыргыздарды, ал эми «күрттөр» деп — мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду жана анын айланасындагыларды айткан.

Эки күндөн кийин Башкы прокуратура УКМКга «комплекстүү филологиялык, политологиялык экспертиза» жүргүзүүгө көрсөтмө берген.

Саясатчынын айткандарында улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы болгондугун аныктоо үчүн анын сүздөрүн текшеришкен, деп билдирген Башкы прокуратура өзүнүн веб-сайтында.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалыматтарды Башкы прокуратурага жибергенбиз деп, Ташиевдин сөздөрү боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгын жарыялоодон баш тарткан — өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматы аларда экспертизанын жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жок экендигин билдиришкен.

Автор: Алексей Ким

Которгон: Илгиз Чалбараков