Беларуссия Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Белоруссиянын Башкы прокуратурасы экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жанышты Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Азырынча бул баш тартуу боюнча Кыргызстандын башкы көзөмөлдөөчү органынын басма сөз кызматы комментарий бере элек.

Минск Жаныш Бакиевди өткөрүп берүү тууралуу жиберилген сурамды саясий көз караштар боюнча куугунтукка алуу катары баалап, аны Бишкекке өткөрүп берүүдөн баш тартты, деп жазылган Белоруссиянын Башкы прокуратурасынын сайтында.

«Белорус тарап өткөрүп берүү тууралуу жиберилген сурам аны саясий көз караштар боюнча куугунтукка алууга байланыштуу деп эсептейт, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жаныш Бакиевди өткөрүп берүү тууралуу жиберген сурамы канааттандырылбаган боюнча калтырылды», — деп жазылган Белоруссиянын Башкы прокуратурасынын сайтында.

Азырынча бул баш тартуу боюнча Кыргызстандын башкы көзөмөлдөөчү органынын басма сөз кызматы комментарий берген жок.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги так белгисиз болгон.

21-августта Кыргызстандын бийлиги белорустук активист Михаил Пашкеевич тартып алган сүрөттөргө таянып Белоруссиядан Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча сурам жиберген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Мурунку президенттин өзү болсо революцидан бери Белоруссияда, 2010-жылдын августунда ал өлкөнүн жарандыгын алган. Белоруссиянын жетекчилиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков