Чек ара аскерлиги президенттин жеке көзөмөлүнө өттү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев УКМКнын алдындагы Чек ара аскерлигин Мамлекеттик Чек ара кызматы кылып өзгөртө турган жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, эми Чек ара кызматы атайын кызматтагылардын карамагында болбой калды. УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Чек ара аскерлигинин жетекчисин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы дайындап келсе, эми ага президент жооп берет.

Атамбаев «чек араларды кайтарууну күчөтүү жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу» үчүн УКМКнын алдындагы Чек ара аскерлигин Мамлекеттик чек ара кызматы кылып өзгөртө турган жарлыкка кол койду, деп билдирди президенттин аппаратынын басма сөз кызматы.

Өлкө башчысы анын жарлыгына байланышкан бардык каржылык жана уюштуруучулук маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырды.

«Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматынын кызматкери Жоодар Исакулов алардын президенттин жарлыктарын комментарийлөөгө укуктары жок экендигин айтты.

Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул өзгөрүүдөн мекеме жакшы жыйынтыктарды күтүп жаткандыгын айтты.

«Биз президенттин жарлыгы менен болуп жаткан өзгөртүүлөр чек ара мекемелеринин күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнө жакшы таасирин тийгизиши керек деп эсептейбиз», — деди Бөрүбаева.

Буга чейин 3-сентябрда Чек ара аскерлигинин башчысы Закир Тиленов Ысык-Көл облусундагы «Эчкили-Таш» чек ара заставасындагы жаңжалдан кийин президентке отставкага кетүү тууралуу арызын берген – аталган чек ара заставасында 19 жаштагы чек арачы бирге кызмат кылган төрт жоокерди жана алардын биринин жубайын атып өлтүргөн.

Ага чейин аталган окуя үчүн президент Тиленовдун эки орун басарын кызматтан кетирген.

Автор: Айшоола Айсаева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды