Көзачыктар тууралуу телешоу 9-сентябрда башталат

Коомдук биринчи каналдын көрүүчүлөрү 9-сентябрь, жекшемби күнү кечинде «Аалам сырлары» телешоусунун алгачкы чыгарылышын көрө алышат. Бул көрсөтүүнүн эфирге чыгышына муфтият каршы болууда.

Теледолбоордун редактору Айбек Акматов «Клоопко» көзачыктар тууралуу шоу Коомдук биринчи каналдын эфиринде 9-сентябрда саат 21:55те чыгат деп билдирди.

Биринчи чыгарылышында көрүүчүлөрдү долбоор менен тааныштырышат, ал эми реалити-шоунун өзү кийинки аптадан башталат, деди Акматов.

«Бирок биринчи чыгарылышы программа тууралуу баяндары менен кызык, тактап айтканда, тааныштыруу ирээтинде болот. Андан кийин болсо ар жекшемби сайын саат 21:55те биз реалити-шоунун өзүн көрсөтөбүз», — деди Акматов.

Биринчилерден болуп реалити-шоунун кыргыз телеберүүсүнүн эфиринен чыгуусуна мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов каршы чыккан. Анын ордуна келген Рахматулло ажы Жумагулов да ошондой эле пикирде.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы муфтияттын өлкөдө кайсыл бир нерселерге тыюу салууга угугу жок экендигин белгилейт.

Бирок, 2012-жылдын апрелинде көзачыктардын шоусу тууралуу маалымат пайда болгондо муфтият шоуну токтотуп, тыюу салууга чакырган.

Көрсөтүүнүн авторлору жооп катары Кыргызстан диний мамлекет эмес жана муфтияттын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү эмес экендиктерин билдиришкен.

Көзачыктардын катышуусундагы шоу дүйнө жүзүнө таркаган – мисалы, орусиялык «Көзачыктардын таймашы» көрсөтүүсү — катышуучулар катылган буюмдарды таап, өздөрүнө белгисиз жерлер тууралуу айтып беришет жана ачыла элек кылмыш иштерин табышат.

Өз кезегинде «Көзачыктар таймашы» — америкалык «Американын көзачыктарынын таймашы» (America’s Psychic Challenge) шоусунун көчүрмөсү.

Орусиядагы версиясы чыккан 2007-жылдан бери шоунун 12 сезону тартылган жана ТНТ телеканалы аны токтоткусу келбей эле.

Телекөрсөтүүгө көрүүчүлөрдүн арасындагы ийгилиги менен катар ар дайым сындар айтылып келет — диний ишмерлер тарабынан гана эмес шоу-бизнес жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан да.

Орусиялык физика-математика илимдеринин доктору Валерий Железняков 2010-жылы «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде бул сыяктуу көрсөтүүлөр «жаңы, начар көзачыктардын пайда болушун күчөтөт» деп билдирген.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков