Санитардык-эпидемиологиялык станция «Кант» авибазасынын жанында күйдүргү илдетинин пайда болгондугу тууралуу маалыматты четке какты

Кант шаардык ооруканасы менен санитарык эпидемиологиялык станция Орусиянын авиабазасынан 20 чакырым алыстыкта күйдүргү илдетинин очогу табылгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Орусиянын элчилигинин басма сөз катчысы базанын жанында илдеттин пайда болгондугу боюнча эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

4-сентябрда “Азаттык” радиосу билдирген Канттын жанындагы күйдүргү илдети катталган жок, деп билдиришти Санитардык-эпидемиологиялык станциясынан «Клооптун» кабарчыларына.

“Азаттык” радиосу 4-августта орусиялык Кант авиабазасынан 20 чакырым алыстыкта күйдүргү илдетинин очогу табылгандыгын кабарлаган – ал Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге ылайык, өзгөчө коркунучтагы жугуштуу илдет болуп саналат.

«Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын четинде күйдүргү илдетинин очогу табылгандыгына байланыштуу  ал жерде илдеттин тарап кетпеши үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — деп жазган «Азаттык».

Радио орусиялык борбордук аскерий округуна шилтеме жасаган — алардын сөздөрү боюнча, ал жакта кызмат кылган аскерлердин батирлери, имараттарын сантиардык тазалоодон өткөрүп, тамак-аштардын сапатын көзөмөлдөө күчөтүлгөн.

Кант шаардык ооруканасынан аларга күйдүргү илдети менен эч ким кайрылбагандыгын жана алынып келинбегендигин билдиришти.

Санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция да Орусиянын авиабазасынын тегерегинде күйдүргү илдетинин чыкпагандыгын ырастады.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко авиабазанын аймагындагы илдет тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Санитардык-эпидемиологиялык станциянын маалыматы боюнча, 27-августта Бишкекте Ош базарында эт саткан кыз күйдүргү илдети менен ооруканага жаткырылган.

Анын туугандарына тиешелүү эмдөөлөр жүргүзүлдү. Ал кыз эт саткан күркө тазаланган.

Санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Смагул Нурхалиев азырынча күйдүргү оорусунун жугушунун булагы табыла электигин айтты.

Учурда сатуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков