«Коррупцияга» айыпталып, кызматынан четтетилген Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жактоочусу башка сот жыйынына катышып жаткандыктан сотко келген жок. Судья жыйынды башка күнгө жылдырды. Айыпталып жаткан Сабиров да жыйынга келген жок.
Биринчи май райондук соту кызматынан четтетилген социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун иши боюнча соттун жыйынын 12-сентябрга жылдырды.
Жыйынды жылдырууга айыптылуучунун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун келбей калгандыгы себеп болгон, ал сот башталганга чейин эле жыйынды жылдыруу тууралуу өтүнүч катын жиберген.
Сабировдун өзү да сотко келген жок.
Социалдык өнүктүрүү министри «коррупцияга» күнөөлөнгөндөн кийин кызматынан четтетилген.
Ал июлдун башында чет элдик компаниялардын биринин Эл аралык бала асырап алуу боюнча аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын пара катары алган деп шектелип, кармалган.
Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши 30-июнда козголгон — Сабировду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камашкан, бирок ал кийинчерээк үй камагына бошотулган.
Пара талап кылгандыгы үчүн Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаметов кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча, Мирзаметов акчаны өзүнүн жетекчиси үчүн талап кылгандыгын моюнуна алган.
«Министрдин жардамчысы Кыргызстандын аймагында Эл аралык бала асырап алуу боюнча аккредитация маселесин чечип берүү чет элдик компаниялардын биринен 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазган УКМКнын басма сөз кызмаынын өзүнүн билдирмесинде.
Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков