Атамбаев жаңы өкмөттү бекитти

Кыргызстандын президенти Жантөрө Сатыбалдиевдин премьер-министр кызматына дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка кол койду. Вице-премьер-министрлик кызматтарды Жоомарт Оторбаев, Тайырбек Сарпашев жана Камила Талиевалар ээлешти.

Жоомарт Оторбаев жаңы өкмөттө биринчи вице-премьерлик кызматты ээледи — ал буга чейин аталган кызматта иштеп келген Аалы Карашевди алмаштырды. Карашев болсо президенттин башка буйругу менен отстакага кетти.

«Ар-Намыстан» депутат Камила Талиева министрлер кабинетинин социалдык блогу менен алектенет, ал эми парламенттин үчүнчү чакырылышынын мурунку вице-спикери Тайырбек Сарпашев экономика жана инвестицияларга жооп берет.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурунку башчысы Нурханбек Момуналиев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды, ал буга чейин аталган кызматты элеп келген Төрөгул Бековду алмаштырды.

Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү үчүн 5-сентябрда добуш беришкен. Министрлер кабинетинин жаңы курамы үчүн 120 депутаттын 111и өз добуштарын беришкен.

Өкмөттүн жаңы курамы:

Жантөрө Сатыбалдиев — премьер-министр;
Жоомарт Оторбаев — биринчи вице-премьер-министр;
Тайырбек Сарпашев — вице-премьер-министр;
Камила Талиева — вице-премьер-министр;
Нурханбек Момуналиев — өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;
Зарылбек Рысалиев — ички иштер министри;
Алмамбет Шыкмаматов — юстиция министри;
Ольга Лаврова — каржы министри;
Темир Сариев — экономика министри;
Чынгызбек Узакбаев — айыл чарба жана мелиорация министри;
Калыкбек Султанов — унаа жана байланыш министри;
Кубатбек Боронов — өзгөчө кырдаалдар министри;
Автандил Калмамбетов — энергетика жана өнөр жай министри;
Канатбек Садыков — билим берүү жана илим министри;
Динара Сагинбаева — саламаттыкты сактоо министри;
Ибрагим Жунусов — маданият жана туризм министри;
Кылычбек Султанов — социалдык өнүктүрүү министри;
Алиясбек Алымкулов — жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министри;
Таалайбек Өмүралиев — коргоо министри;
Шамил Атаханов — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Билдирме: Сатыбалдиевдин өкмөтүндөгү жаңы чиновниктер кара шрифт менен белгиленген.

Буга чейинки коалиция 24-августта, курамына «Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Республика» жана КСДП фракциялары кирген коалиция таркагандан кийин отставкага кетирилген.

Буга чейинки өкмөттү башкарган Өмүрбек Бабанов 1-сентябрда отставкага кеткендиги тууралуу арыз берген.

3-сентябрда «Ар-Намыс», «Ата Мекен» жана КСДП фракциялары «Ырыс алды — Ынтымак» деген жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлгөндүгү тууралуу билдиришти.

Лидери Өмүрбек Бабанов болгон «Республика» партиясы оппозицияга кетти – алар «Ата-Журт» менен биригип «Мыйзамдуулук жана калыстык үчүн» деген азчылык коалициясын түзүштү.

Авторлор: Азат Рузиев жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт президенттин расмий сайтынан алынды