Парламент Сатыбалдиевди премьер-министрликке бекитти

Парламент көпчүлүк коалициядан талапкер Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн долбоорун бекитип, аны премьер-министр катары жактырды.

Сатыбалдиев 5-сентябрь күнү кечинде парламент жыйынында премьер-министр болуп шайланды — депутаттар анын программасын, өкмөтүнүн структурасын жана курамын жактырышты. Ага 113 депутаттын 111и добуштарын беришти.

Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн структурасына ылайык, анда 16 мекеме — 15 министрлик жана 1 мамлекеттик комитеттин жетекчилери өз орундарында калышты.

Өкмөттүн курамы өзгөрдү — жаңы премьердин планына ылайык, бекитилген өкмөттүн мекеме башчыларынын үчтөн бири өз кызматтарынан ажырашты.

Өкмөттүн жаңы курамы:

Жантөрө Сатыбалдиев — премьер-министр;
Жоомарт Оторбаев — биринчи вице-премьер-министр;
Тайырбек Сарпашев — вице-премьер-министр;
Камила Талиева — вице-премьер-министр;
Нурханбек Момуналиев — өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
Эрлан Абдылдаев — тышкы иштер министри;
Зарылбек Рысалиев — ички иштер министри;
Алмамбет Шыкмаматов — юстиция министри;
Ольга Лаврова — каржы министри;
Темир Сариев — экономика министри;
Чынгызбек Узакбаев — айыл чарба жана мелиорация министри;
Калыкбек Султанов — унаа жана байланыш министри;
Кубатбек Боронов — өзгөчө кырдаалдар министри;
Автандил Калмамбетов — энергетика жана өнөр жай министри;
Канатбек Садыков — билим берүү жана илим министри;
Динара Сагинбаева — саламаттыкты сактоо министри;
Ибрагим Жунусов — маданият жана туризм министри;
Кылычбек Султанов — социалдык өнүктүрүү министри;
Алиясбек Алымкулов — жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министри;
Таалайбек Өмүралиев — коргоо министри;
Шамил Атаханов — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Сентябрдын башында курамына КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген парламенттик коалиция премьер-министрликке президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон.

«Коалицияга кирген бардык партиялар, алардын лидерлери аны колдоп жатышат», — деген социал-демократ Эгемберди Эрматов «Клоопко» берген маегинде.

«Ата-Журт» өз талапкерлерин сунуштаган жок. «Республика» болсо комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттү 24-августта отставкага кетирген — буга «Республика», «Ата Мекен», «Ар-Намыс» жана КСДП фракцияларынан турган «Биримдик» коалициясынын таркап кеткендиги себеп болгон.

Президент жарлыкка кол койгондон бир апта өткөндөн кийин Бабанов премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткен — анын ордун убактылуу биринчи вице-премьер Аалы Карашев ээлеген.

Буга чейинки «Биримдик» коалициясы 22-августта курамынан «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары чыккандан кийин таркаган. Коалициянын акыркы күндөрү аталган фракциялар менен «республикачылардын» ортосундагы мамиле бузулуп кеткен.

«Республика» жана «Ата Мекен» фракцияларынын ортосундагы кайым айтышуу август айынын ортосунда башталган.

«Ата Мекен» премьер-министр жана «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, 12 миллион АКШ долларына бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чалбараков