Сот «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп айылдык дарыгерди шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Арсланбоб айылынын дарыгерин «террористтик» «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп тапты — дарыгер шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратылды. Бирок ал коюлган күнөөлөрдүн бардыгын четке кагып жатат.

Арсланбоб айылынын 42 жаштагы дарыгери Муродбек Токтосинов Кыргызстанда тыюу салынган «Хиз ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп табылды — аны 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Токтосиновдун «террористтик» уюмдун баракчалары менен дисктерин таркатып жүргөндүгү тууралуу анын айылдашы Салахидин Салиев арыз жазган — ал бул иш боюнча негизги күбө катары өтүп, күнөөлөнүп жаткан адам тарабынан, ошондой эле өзүнүн жубайы тараптан да сынга кабылды.

Салиевдин жубайы соттун акыркы жыйынында күйөөсү буга чейин милиция менен сүйлөшүп алып, айылдаштарынан акча талап кылып жүргөндүгүн билдирди.

Салиевдин өзү болсо соттун жыйынына келген жок.

Токтосиновдун жактоочусу Абдимиталип Абылакимов азырынча коргоочу тарап соттун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттанабы, жокпу белгисиз экендигин айтты.

«Ал [Токтосинов] мунун бардыгынан чарчады, мамлекеттик орган менен күрөшүү анын күчүнүн баарын алып койду. Кандай болгон күндө да чечимди [даттануу жөнүндөгү] ал өзү кабыл алат», — деди жактоочу.

Токтосинов «Клоопко» берген маегинде ага карата коюлган күнөөлөрдүн бардыгын четке какты — айтымында, ал Салиев менен эч качан байланышкан эмес.

Дарыгер соттун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттангысы келип жаткандыгын, бирок жактоочусу менен кеңеше тургандыгын айтты.

Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кадыралиевдин соттун өкүмү боюнча даттануу ниети бар.

«Ийгиликтүү адамды көрө албастык»

Салиевдин көрсөтмөсүнө ылайык,  Токтосинов аны коркутуп «экстремисттик» материадарды берген — айтымында ал догдурду 2010-жылдын июнундагы улут аралык кагылыштын учурунда колунда курал менен жүргөндүгүн көргөн жана анын бергенин албай коюуудан корккон.

Айылдык дарыгер ага коюлган күнөөлөрдү «караандай калп» деп, четке какты. Токтасинов Салиевдин ага «ичип күйүп» жатат деп эсептейт.

«Арслонбобдо эл мени өзбек коомчулугунун формалдуу эмес лидери деп эсептейт. Мен [АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигине] ЮСАИДке долбоор жазгам, андан жеңип алып бейтапкана курганбыз. Мен ийгиликтүү адамын. Кимдир бирөө ичи күйүп, бай адамды жазалагысы келип жатса керек», — деди ал окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып жатып.

Сот бул ишти   августтун башында карап баштаган — андан бери соттун 4 жыйыны болду.

«Хизб ут-Тахрир» же Ислам куткаруу партиясынын максаты — мусулмандарды исламдын жашоо образына алып келүү жана исламды ыйык согуш деп аталган джихад аркылуу жайылтуу.

Кыргызстанда бул уюмдун иш алып баруусуна тыюу салынган, анткени ал «диний-экстремисттик» деп саналат.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков