Түлеев келбей калгандыктан экс-мэрдин иши боюнча сот жылдырылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мурунку мэри жана депутат Нариман Түлеевди сот жыйынына алып келбегендиктен анын иши боюнча соттун жыйыны жылдырылды. УКМК азырынча бул боюнча комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Бишкек шаардык соту Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси карала турган соттун жыйынын жылдырды, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутатты сот жыйынына алып келбегендиги себеп болду.

Бишкектин мурунку мэринин жактоочусу Султан Баратов эмнеге атайын кызматтагылар Түлеевди алып келбегендиктерин билбей тургандыгын айтты. Ал кошумчалагандай, УКМКга соттун жыйыны тууралуу кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Буга чейин депутаттын жактоочулары Кыргызстандын жогорку сотунда Түлеевди үй камагына чыгарууга жетишишкен, бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура ага карата «коррупция» беренеси боюнча жаңы кылмыш ишин козгоп, тергөө абагынан чыгарбай койгон.

Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы тарабынан 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузуулар» болгондугун, ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратынын «мыйзамсыз» сатылышын аныктаган.

Августта Биринчи май райондук соту Түлеевди УКМКнын тергөө абагына 15-октябрга чейин калтыруу чечимин чыгарган.

Мурунку шаар башчысынын биринчи кармалуусу

Башкы прокуратура биринчи иши боюнча Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Экс-мэр болсо күнөөсүн моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Автор: Алексей Ким

Которгон: Илгиз Чалбараков