Бишкек шаарынын тургунун өлтүрүп, балдарга зомбулук көрсөтүүгө шектелгендер кармалды

Милиция үй-бүлөгө курал менен кол салууга шектелген эки адамды кармады – кол салуунун жыйынтыгында балдар менен алардын апасы бычактан жараат алышкан, ошондой эле атасынын бир тууганы өлтүрүлгөн, деп билдирет Бишкек ШИИБси. Дарыгерлер жабыр тарткандардын абалын «орто» деп баалап жатышат.

Үй-бүлөгө кол салып, адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Гүлжигит Абдурашит уулу менен Бактыбек Мукашевдер 6-сентябрда кармалышкан, деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Памир Асанов.

Анын айтымында, кармалгандар күнөөлөрүн моюндарына алуу боюнча көрсөтмөлөрүн жазып беришкен – анда үй-бүлөгө кол салуу пландалган иш экендиги көрсөтүлгөн.

«Тепкич аянтында күч колдонуп өлтүрүү белгилери менен азиат улутундагы эркектин денеси болгон. Үйдүн кире беришинде болсо жабыр тарткандар табылган», — дейт Асанов.

Жетекчи орун басары кошумчалагандай, Мукашев менен Абдурашит уулу адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, учурда убактылуу кармоочу жайда камакта.

«Клооптун» кабарчылары кармалгандардын жактоочулары менен байланыша алган жок.

Үй-бүлө кожайкеси Нургүл Исабекова ооруканага мээси чайкалып, желкесиндеги жана сол далысындагы бычактан алган жарааты менен келип түшкөн.

Анын үч жаштагы уулу Айдар Акимканов менен 11 жаштагы кызы Разия Акимкановалар учурда үчүнчү балдар ооруканасында — алардын абалдары «орто» деп бааланып жатат, деп билдиришти оорукананын кабылдамасынан.

Кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Талант Бектимиров жаңы келип түшкөндө жабыр тарткан баланын апасынын абалы «оор» болгондугун, азыр айыгып келе жаткандыгын билдирди.

Кармалгандар Акимкановдордун үй-бүлөсүнө 5-сентябрда «кол салышкан». Асановдун айтымында, алар жабыр тарткандардын үйүнө келип алгач «оюнчук» «электрошокер» менен коркутуп, баалуулуктар кайсыл жерде экендигин билгилери келген.

Бир нече убакыттан кийин Мукашев менен Абдурашит уулу үй-бүлө мүчөлөрүн бычак менен коркутушуп, Рыспек Акимкановду «өлтүрүшкөн».

ШИИБинин маалыматы боюнча, Исабекова күйөөсүнө чалып, аларга кол салгандыктарын – кол салгандар «коркуп» «качып кеткендиктерин» айткан.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков