ФБР соода борборун жардыруу тууралуу опузалоодо кыргызстандыктын күнөөсү болгон деп жатат

АКШда соода борборундагы «бомба тууралуу кабарлагандыгы» үчүн кармалган кыргызстандыктын ишин тергеген ФБРдин (Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун) агентинин болжолдоосунда, Адылбек Козубаев «билип туруп эле» мыйзам бузган. Кыргызстандыктын агасы бул ишти атайын уюштурушуп, Козубаевди «күнөөлүү кылып жатышат» деп эсептейт.

Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун агенти Джеффри Хабер өз көрсөтмөсүндө Козубаев бомба тууралуу соода борборуна кабарлап, «билип туруп» АКШнын мыйзамдарын бузган деп жазган.

АКШнын Кодексинин 18-бөлүмүнүн 844-секциясынын «e» пунктуна ылайык, бул үчүн күнөөлүү айып төлөйт же 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

«Бул көрсөтмөдө мен келтирген фактылар менен шарттар жеке өзүм катышкан тергөө иштерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын башка кызмакерлери берген отчетторго негизделген», — деп жазган Хабер.

Агенттин көрсөтмөсү соода борборунун эки кызматкеринин айткандарына негизделген. Алар Козубаевди «үнүнөн» тааныгандыктарын айткан — кыргызстандык аларга эки күн мурун жашыруун эмес номур аркылуу күркөнүн ижара акысын билүү үчүн чалган.

«Кэри Гомез [соода борборунун кызматкери] жардыруу тууралуу айтып опузалаган адамдын үнүнөн буга чейин өзүн Адылбек деп тааныштырган адамды тааныган», — деп билдирген Хабер көрсөтмөсүндө.

Соода борборунун кызматкерлеринин айтымдарында, Козубаев биринчи опузалоодон 13 мүнөт өткөндөн кийин кайра чалып, ал «ачуулуу жана өтө эле оор басырыктуу» экендигин айткан — кыргызстандык бардыгы соода борборунан чыгышы керектигин айтып, же болбосо имарат жарыла тургандыгын айтып туруп алган, деп жазат Хабер.

«Клооптун» редакциясы менен Козубаевдин агасы Жеңишбек Алланов байланышты — анын версиясы боюнча, Адылбектин АКШдагы  мекендештери бул ишти атайын эле уюштурушуп, аны «күнөөлүү кылып коюшкан». Анын айтымында, иниси октябрда турак-жай алуу үчүн  — грин-картасын алмак.

«Бул ишти атайын жасап, аны орустар да, америкалыктар дагы күнөөлүү кылып коймок эмес. Муну өзүнүн айланасындагылардын бирөө эле кылды», — деп болжолдойт Козубаевдин агасы Алланов.

Анын айтымында, ага Козубаев жеке бизнесин ачуу үчүн акча чогултуп жүргөндүгүн айткан, бирок күркөнү ижарага алуу тууралуу сөз кылган эмес.

Ал кошумчалагандай, ижарага талап кылынган сумма — 3500 АКШ доллары — «арзан эле баа» болуп эсептелет жана аны Козубаев өзү иштеп эле тапмак.

Козубаевди шарттуу түрдө кое беришти — сотко чейин ал эркиндикте болот.

Кыргызстандыктын кармалышы

Козубаев Иллинойс штатындагы Стримвуд шаарында 31-августта кармалган. Ошол эле күнү федералдык сотто ага жардыруу менен опузалоо боюнча күнөө коюлган — бул кылмыш америка мыйзамында оор кылмыштардын катарына кирет.

Федералдык тергөөлөр бюросунун маалыматты боюнча, кыргызстандык Айова штатынын Дэвенпорт шаарындагы соода борборуна телефон чалып, аларды жардырып сала тургандыгын айтып «опузалаган».

Болжол менен бул окуя Козубаев соода борборунун аймагында жайгашкан күркөнүн ижара акысы боюнча макулдаша албай калгандан кийин болгон.

Алгач 27-августта ал кышкы мезгилге күркөнү ижарага алуу канча болоорун билүү үчүн жашырылбаган номур аркылуу чалган.

Баасы эки айга 3500 АКШ доллары болоорун билдиришкен соң, ал соода борборунун башка бөлүмдөрү менен арзаныраак баага сүйлөшүүгө аракет кылган

Эки күн өткөндөн кийин ошондой эле үн менен жашыруун номур аркылуу бирөө чалып, соода борбору жардырыла тургандыгын кабарлаган.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков