Күч колдонуу менен күйөөгө берилгенден кийин асынып өлгөн кыздын иши боюнча сот экинчи жолу жылдырылды

Ала качып кетип, зордуктап салышкандан кийин 19 жаштагы кыз асынып өлгөн — бул иш боюнча сот жыйыны экинчи жолу жылдырылып жатат.  «Күйөө баланын» жактоочусу тагылган айыптын баарын четке кагып жатат.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту 8-июнда 19 жаштагы Ырыс Касымбай кызынын уурдалгандыгы жана зордукталгандыгы тууралуу ишти экинчи жолу карай албай калды.

Биринчи жыйын 28-августта болушу керек болчу, бирок күбөлөр келбей калгандыктан 5-сентябрга жылдырылган — бул жолу жыйынга судья келген жок.

Кийинки жыйын 12-сентябрга белгиленди.

Кыргызстандын акыйкатчысынын аппараты сот атайылап эле прцессти создуктуруп жатат деп болжолдоодо.

«Сот жыйынынын экинчи жолу жылдырылышы каза болгон кыздын туугандарынын гана эмес, сот процессинин бардык катышуучуларынын жинин келтирип жатат», — деп жазылган өлкөнүн башкы укук коргоочусунун сайтында.

Касымбай кызын ала качып, зордуктоого күнөөлөнүп жаткан Шаимбек Иманакуновдун жактоочусу Алишер Бектуров бардык айыптоолорду четке кагып жатат — коргоонун версиясы боюнча, кыз өз каалоосу менен турмушка чыгып, жыныстык катнашка өз каалоосу менен баран.

«Клоопко» милициядан билдиришкендей, Иманакунов Каракол шаарындагы №3 тергөө абагында камакта.

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жашоочусу Касымбай кызын 8-июнда «ала кычып кетишкен» — ата-энеси аны ошол эле күнү «күйөө баласынын» үйүнөн алып кетип калган.

«Кыз тагдыры талкалангандыгын айтып, түнү бою ыйлады. Эми ал кантип жашайт, туугандарынын алдында уят болду», — деп жазылган акыйкатчынын сайтында.

Эртең менен ата-энеси Касымбай кызы асынып өлгөндүгүн көрүп милицияга билдиришкен.

Бул окуяны чагылдыруу үчүн Чехиядан, Япониядан жана Германиядан кабарчылар келишти, деп жазылган акыйкатчынын сайтында.

Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген укук коргоочу билдиргендей, бул өткөн жайда эле ала качып кеткенден кийин кыз өз жанын кыйгысы келген экинчи окуя.

Ала качуудан кийин Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу көп өлчөмдөгү дары ичип алып, эс-учун жоготкон — дарыгерлер дагы деле анын жаны үчүн күрөшүп жатышат. Эми ал майып болуп калды, деди укук коргоочу.

Автор: Анара Адылбек кызы жана Шерзод Бабакулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков