«Улутчулдукка күнөөлөгөндүгү» үчүн «Ата-Журт» депутат Коркмазовду сотко берди

«Ата-Журт» партиясы «улутчулдукка күнөөлөгөндүгү» үчүн мурунку партия мүчөсү Хаджимурат Коркмазовду сотко берди — мындай маалыматты «АКИпресс» маалымат агенттиги таркатты. Коркмазов болсо анын сөздөрүн туура эмес жазып койгондуктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатат.

«Ата-журтчу» Тамерлан Дадиев журналисттер менен жолугушуу учурунда партия депутат Коркмазовго карата 5-сентябрда Биринчи май райондук сотуна доо арыз бергендигин билдирди.

«Бизде кээ бир журналисттерде Хаджимурат Коркмазовдун партия лидерлери тууралуу туура эмес сөздөрдү айткан аудиожазуу бар деген маалыматтар бар», — деп түшүндүрдү доо арыздын себебин Дадиев.

Бул жерде ал Коркмазовдун «Ата-Журт» «улутчулдукту» көрсөтүп жаткандыктарын тууралуу билдирүүсүн айтты - «АКИпресс» маалымат агенттигинде басылып чыккан

Дадиевдин пикиринде, Коркмазовдун бул айткандары кылмыш кодексинин «улуттар аралык жаңжалды тутантуу» беренесине туура келет.

Партия маалымат агенттиктин редакциясынан депутаттын айткандары тууралуу аудиожазууну алууга аракет кылып жатат — партиянын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун айтымында, аны алуу «оңой эмес».

Буга чейин Коркмазов «АКИпресс» тарабынан жазылган анын сөздөрү чындыкка туура келбестигин билдирген.

«Мен эч качан эч кимге Ташиев — улутчул деп айткан эмесмин. Партиянын өзүн улутчулдукка күнөөлөгөндү мындай койгула», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Коркмазовдун сөздөрүн.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин редакциясы комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

«Медиа Полис Институту» коомдук бирикмесинин юристи Надежда Алишева «Клоопко» берген маегинде эгер экспертиза аудиожазуунун жасалма эместигин далилдесе анда ал сотто далил болуп бере алат деди.

Депутаттар  Хаджимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобековдор сентябрдын башында «Ата-Журт» партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, жаңы коалиция «Ырыс алды — ынтымак» менен кызматташып башташкан.

Парламентарийлер партиядан чыккандыктарын Ташиевдин «диктаты» себеп болгондугун айтышкан.

5-сентябрда 150гө жакын киши «Ата-Журттун» желегин көтөрүп алышып парламенттин имаратынын алдына митингке чыгышкан — алар Коркмазов, Шин жана Молдобаевдерден мандаттарын тапшырууну талап кылышты.

Өз кезегинде депутаттар «Ата-Журт» талап кылса эле парламенттеги орундарын бошотуп бербестигин айтышкан.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков