Ысык-Көл: Түп районундагы өрт «толугу менен өчүрүлдү»

Түп районундагы алты күнгө созулган өрттүн жыйынтыгында 130 гектардай кургак чөптүү аянт жана 20 гектар токой күйүп кетти. Өрт толугу менен өчүрүлдү, дейт ӨКМдин Ысык-Көл облустук ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сыдыков Түп районунун Солдат тоо кыркасындагы өрт толугу менен өчүрүлгөндүгүн билдирди — ал жерде аймакты кайтаруу үчүн 10 чакты гана нөөмөтчү калган.

«Ал жер кайтарыла турган аймак, ан чакты киши бар. Алар кайтарып, көзөмөлдөп жатышат», – дейт Сыдыков.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 250дөн ашык киши катышты. Өрт жетүүгө оор жерлерде болуп жаткандыктан аны өчүрүү кыйынчылыктарды туудуруп жатат, деп билдиришкен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Кыргыз куткаруучуларында өрттү жогору жактан өчүрүүчү техникалар жок болгондуктан, 2-3-сентябрь күндөрү Казакстандын куткаруучулары тик учактары менен өрт өчүрүүгө жардам беришкен.

ӨКМдин болжолдуу маалыматы боюнча, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылдык аймагынын токой чарба кызматынын кызматкерлери болжол менен Солдат тоо кыркасындагы өрттүн чыгуусуна малчылардын балдары ойноп жатып, «кокустан» чөптү өрттөп алышкандыгы себеп болгон, деп билдиришкен.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда дагы бир өрт чыгып, 4-сентябрда өчүрүлгөн – ал өрт Кыргызстанда абанын температурасынын кескин жогорулагандыгынан улам августтун аягында башталган өрттөрдүн эң ириси болгон.

Өрттүн жыйынтыгында 1000 гектардан ашык кургак чөптүү аянт күйүп кеткен.

ӨКМ билдиргендей, Аламүдүн районундагы өрттүн чыгышына адамдардын «өрт менен этиятсыз колдонгондугу» себеп болушу мүмкүн.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков