Белоруссиянын Башкы прокуратурасы Жаныш Бакиев жиберген кат жөнүндөгү ишти «создуктуруп» жатат

Белорус активисти Михаил Пашкевич өлкөнүн Башкы прокуратурасын «Бакиев мырзадан салам кат» деген жазуусу бар кат жөнүндөгү ишти атайылап эле «создуктуруп» жатат, деп күнөөлөөдө — Пашкевич катты Жаныш Бакиевге окшогон адамды сүрөткө тартып алып, интернетке жайгаштыргандан бир жума өткөндөн кийин алган. Белоруссиянын Башкы прокуратурасы бул боюнча комментарий берген жок.

Пашкевич «Клоопко» берген маегинде Белоруссиянын башкы көзөмөлдөөчү органы кат тууралуу жазылган арызды Минск шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп бергендигин айтты.

Активист Башкы прокуратура ишти атайылап эле создуктуруп жатат, деп эсептейт.

«Эми, 10 күн өтүп, көрсөтүлгөн адамдардын бардыгы жашырынып, күбөлөр Минскиден кетип калышкандан кийин — алар кайрылуу боюнча иштерди башташты – бул менин көз карашым боюнча, ишти канцелярныйда эле бүтүрүп коюу чечимине келгендиктерин күбөлөндүрөт», — деди Пашкевич «Клоопко».

Активист кат жөнүндөгү иш менен алектенип жаткан тергөөчүгө жолугуп, тергөө кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу билүү ниети бар экендигин билдирди.

Белоруссиянын Башкы прокуратурасынын канцеляриясы телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартты.

«Бакиевден салам»

Пашкевич 24-август күнү кечке жуук «Михаил, Сизге Бакиев мырзадан салам кат» деген жазуусу бар кыска кат алган, бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасында маалымдаган.

Катты белгисиз адам Минск шаарындагы кафелердин биринен официант аркылуу берип жиберген.

«Биз отургандан кийин бир-эки мүнөт өткөндө официант кыз келип: Михаил деген сизби? Сизге кат - деди. Мен: кимден? – деп сурасам ал: бир нече мүнөт мурун кафенин жайкы отура турган жайына бир киши келип отуруп, бир нерсе жазып, берип коюуумду өтүнүп, кетип калды, - деп жооп берди», — деп жазган активист.

Пашкевич кат алгандан кийин аны эки унаа аңдып жүргөндүгүн, бирок номурларын эстеп калбагандыгын да жазган.

«Албетте биз билбеген эки сакчысы менен унаа. Эки жерде бизди аңдып жүрдү…», — деп жазган блоггер өзүнүн баракчасына.

Издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Белорус бийлиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Айшоола Айсаева

Которгон: Илгиз Чалбараков