ФБР АКШда «бомба менен опузалаган» кыргызстандыкты кое берди

АКШда «бомба менен опузалагандыгы» үчүн кармалган кыргызстандыктын агасы  Алланов Федералдык тергөөлөрдүн бюросу (ФБР) анын инисин кое бергендигин билдирди. ФБРда анын кое берилгендигин ырастады.

Алланов «Клоопко» берген маегинде Федералдык тергөөлөрдүн бюросу анын иниси Адылбек Козубаевди 8-сентябрда кое бергендигин билдирди – Козубаевди Айова штатынын Дэвенпорт шаарындагы соода борборун жардырам деп опузалагандыгы үчүн күнөөлөп жатышкан.

Аллановдун айтымында, соода борборунун менеджери жардыруу тууралуу айтып опузалаган адам менен кармалган кыргызстандыктын үнү окшош болчу деп «жаңылып» айтып алган.

Анын маалыматы боюнча, соода борборуна телефон шыңгырыгы келген учурда Козубаев башка жерге чалып жаткандыгын тергөө аныктаган.

«Федералдык тергөөлөрдүн бюросунан менин инимди жаңылыштык менен кармап алышкандыктарын айтып, кечирим сурап кое беришти», — деди Алланов.

Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун басма сөз кызматынын кызматкери Джоан Хайд «Клоопко» билдиргендей, Козубаевди 7-сентябрда кое беришкен.

Хайд кыргызстандыктын кое берилишинин себебин билбей тургандыгын кошумчалады.

«Козубаев мырза өткөн аптада Чикагонун аймагында кармалган. Бирок тергөө жана ага карата коюлган күнөө биздин кеңсе менен Айованын прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан», — деп жазат өзүнүн катында Хайд.

Буга чейин Чикаголук Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун агенти Джеффри Хабер өз көрсөтмөсүндө Козубаев бомба тууралуу соода борборуна кабарлап, «билип туруп» АКШнын мыйзамдарын бузган деп жазган.

АКШнын Кодексинин 18-бөлүмүнүн 844-секциясынын «e» пунктуна ылайык, бул үчүн күнөөлүү айып төлөйт же 10 жылга чейин эркинен ажыратылмак

Грин-картасы үчүн ишти атайын уюштурушуп, аны «күнөөлүү кылышкан»

Алланов АКШдагы мекендештери бул ишти атайын эле уюштурушуп, ниисин «күнөөлүү кылып коюшкан» деп эсептейт. Анын айтымында, иниси октябрда турак-жай алуу үчүн  — грин-картасын алмак.

«Бул ишти атайын жасап, аны орустар да, америкалыктар дагы күнөөлүү кылып коймок эмес. Муну өзүнүн айланасындагылардын бирөө эле кылды», — деп болжолдойт Алланов.

Анын айтымында, ага Козубаев жеке бизнесин ачуу үчүн акча чогултуп жүргөндүгүн айткан, бирок күркөнү ижарага алуу тууралуу сөз кылган эмес.

Ал кошумчалагандай, ижарага талап кылынган сумма — 3500 АКШ доллары — «арзан эле баа» болуп эсептелет жана аны Козубаев өзү иштеп эле тапмак.

Козубаевдин кармалышы

Федералдык тергөөлөр бюросунун маалыматты боюнча, кыргызстандык Айова штатынын Дэвенпорт шаарындагы соода борборуна телефон чалып, аларды жардырып сала тургандыгын айтып «опузалаган».

Болжол менен бул окуя Козубаев соода борборунун аймагында жайгашкан күркөнүн ижара акысы боюнча макулдаша албай калгандан кийин болгон.

Алгач 27-августта ал кышкы мезгилге күркөнү ижарага алуу канча болоорун билүү үчүн жашырылбаган номур аркылуу чалган.

Баасы эки айга 3500 АКШ доллары болоорун билдиришкен соң, ал соода борборунун башка бөлүмдөрү менен арзаныраак баага сүйлөшүүгө аракет кылган

Эки күн өткөндөн кийин ошондой эле үн менен жашыруун номур аркылуу бирөө чалып, соода борбору жардырыла тургандыгын кабарлаган.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков