Сот Түлеевди октябрдын ортосуна чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды

Бишкек шаарынын мурунку мэри, депутат Нариман Түлеевдин коргоочусу Биринчи май райондук сотунун парламентарийди УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин жокко чыгарта алган жок — Бишкек райондук соту аны 15-октябрга чейин тергөө абагына калтырды. Жактоочулар бул чечим боюнча Жогорку сотко даттанат.

Бишкек шаардык соту Түлеевдин жактоочуларынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырган жок — судьялардын коллегиясы мурунку шаар башчысын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 15-октябрга чейин калтыруу чечимин чыгарды.

Депутаттын жактоочусу Султан Баратов соттун бул чечими боюнча Жогорку сотко даттана тургандыгын билдирди.

Түлеев УКМКнын тергөө абагында дээрлик эки айга жакын убакыт болду — аны августта үй камагына кое берүүлөрү керек болчу, бирок Башкы прокуратура мурунку шаар башчысына экинчи кылмыш ишин козгоп, ага тергөө абагынан чыгууга уруксат бербей койгон.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Августта Биринчи май райондук соту Түлеевди УКМКнын тергөө абагына 15-октябрга чейин калтыруу чечимин чыгарган.

Мурунку шаар башчысынын кармалышы

Башкы прокуратура Түлеевдин биринчи иши боюнча аны 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Экс-мэр болсо айыптоолорду моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Автор: Алексей Ким

Которгон: Илгиз Чалбараков