Чет мамлекеттерде ийгиликтүү окуп жаткан кыргызстандыктар президенттен стипендия алышат

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев чет мамлекеттерде окуп жаткан кыргыз студенттери үчүн айына 400 АКШ долларын түзгөн стипедия белгиледи — стипендия алууга тандалып алынган студенттер акчаларын 2013-жылдын июлуна чейин алышат.

Президент чет мамлекеттерде окуган 18 кыргызстандык студентти тандап алды — алар 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып 2013-жылдын 31-июлуна чейин айына 400 АКШ долларын алып турушат.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов билдиргендей, стипендия алуу укугуна ээ болуу үчүн атайын сынактан өтүү керек болчу — бирок Токтогулов студенттерди кандай критерийлерге карап баалагандыктарын түшүндүрүп айтып берген жок.

Алар тандап алуу сынактарына катышуу үчүн өзүлөрү билдирме беришкен.

Токтогулов азырынча стипендияларды төлөө 2013-жылдан кийин дагы уланаары белгисиз экендигин «Клоопко» билдирди.

Президенттин расмий сайтында түшүндүрүлгөндөй, стипендия төлөп берүү жөнүндөгү жарлыкка окууда жана коомдук жашоодо бир кыйла жетишкендиктерге жетишкен Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоо үчүн кол коюлган.

«Клооп» азырынча стипендия ала турган студенттер менен байланыша алган жок.

Стипендия ала турган студенттердин тизмеси:

  • Алтымышбек Абдылдаев — Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети;
  • Алике Амиралиев — В.С. Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университети;
  • Лейли Асанбекова — П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектеп;
  • Чынгыз Жамангулов — Кам мамлекеттик инженердик-экономикалык академиясы;
  • Миргүл Эсеналиева — Лейпциг университети, Германия;
  • Бекболсун Жакып уулу — Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту (университет);
  • Эркин Исаев — Москва мамлекеттик гидрометеорологиялык университети, Санкт-Петербург шаары;
  • Эрлан Кабылбеков — Г.В.Плеханов атындагы Орусия экономикалык академиясы;
  • Максат Кадыракунов — Кемнитс техникалык университети, Германия;
  • Чынгыз Кубатбек уулу — Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик университети;
  • Закир Курманакунов — Штутгарт жогорку техникалык мектеби, Германия;
  • Венера Мамбаева — Ортоңку-Чыгыш техникалык университети, Анкара шаары;
  • Назыр Манасбеков — Сибирь федералдык университети;
  • Элима Мамырбаева — Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту (университет);
  • Баласагын Мусаев — П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясы;
  • Жоомарт Омонов — Орусиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети;
  • Фарух Садыркулов — А.Я.Ваганова атындагы Орус балет академиясы;
  • Асэлай Токтогулова — Гнесин атындагы Орусия музыкалык академиясы.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Ghost1121