Издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвада кармалды

Издөөдө жүргөн адам Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен аракети менен колго түштү. Ал учурда Москва шаарындагы тергөө абагында камакта. Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

Орусиянын полициясы менен Кыргызстандын милициясы 8-августта Москванын Можай районунда Болотбек Шикировду колго түшүрүштү, дейт Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнист Осмонбаев.

Осмонбаев кармалган адам 2010-жылдан бери ишкерлерди коркутуп, акча «талап кылгандыгы» үчүн издөөдө жүргөндүгүн айтты.

Басма сөз кызматынын кызматкерлери тергөөнүн сыры деп, иштин чоо-жайын тактап айтып беришкен жок.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке булактары аркылуу Шакировго белгисиз бир айым баласы менен келе тургандыгын жана ал аэропортко барып аларды тосуп ала тургандыгын билишкен.

Ал Москвадагы үйлөрдүн биринен кармалган — ИИМдин маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн адам полиция кызматкерлерин көрүп, жашырынып калууга аракет кылган. Бирок ыкчам топтун кызматкерлери көп эшиктүү үйлөрдүн чыга бериш жерлеринин бардыгын жаап, аны колго түшүрүшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери билдиргендей, Кыргызстан менен Орусиянын прокуратуралары кармалган адамды кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселесин карап жатышат.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков