Кыргыз соодагерлери Казакстандын өрттөнүп кеткен базарынан кайтып келет

4-августта Шымкент шаарынын «Бекжан» базарында өрт чыккан — андагы 37 кыргыз соодагери Кыргызстанга кайтып келүү чечимин кабыл алышты, деп билдирет Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Компенсация алууда кыргызстандыктарда көйгөй жаралган.

Мүлктөрү өрттөнүп кеткен 37 кыргызстандык мекенине кайтып келүү үчүн керек болгон документтерди чогултууга жардам берүү өтүнүчү менен Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугуна кайрылышты, деп билдирет Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, өрттөн жабыр тарткан кыргызстандыктардын 70 пайызы жаңы жумушчу орундарын табышкан.

«Борборазиялык маалымат кызматы» агенттиги билдиргендей, соодагерлердин ар бирине компенсация катары бериле турган 670 АКШ долларын алууда базарда соода кылууну каалабаган кыргыз соодагерлеринде көйгөй жаралган.

Кыргызстандыктар «Бекжан» базарынын администрациясына карата Шымкент полициясына жамааттык арыз жазган.

«Билдирүүчүлөр белгилегендей, базардын жетекчилиги соодагерлердин «Бекжан» базарына келип кайра соода кылышын, антпесе компенсациянын бардык суммасын кайра кайтарып берүүнү талап кылып жатат», — деп жазат маалымат агенттиги.

Өрттүн кесепетинен базарда бир киши каза болуп, кош бойлуу аялдын денеси күйгөн. Жалпысынан 4 миң чарчы метр соода аянты күйүп кеткен.

Өрттүн чыгышына атайын өрттө себеп болгон деп жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт respublika-kaz.info сайтынан алынды