Милиция кызматкерлери өтүп бара жатканда төрт чет өлкөлүктүн «тоодогу текелердей үн чыгаргандыгы» укук коргоо органынын кызматкеринин ачуусун келтирди. Жыйынтыгында төртөө тең жарым саатка «тарбиялык» маанидеги маек үчүн кармалышты, анын жүрүшүндө милиция кызматкери чет өлкөлүктөрдү күч сынашууга чакырды.
«Клооптун» кабарчысы милиция кызматкеринин нормадан чыккан лексиканы колдонуп, кармалган 4 чет өлкөлүктү күч сынашууга чакырып жатканына күбө болду.
Өзүн Улан деп тааныштырган милиция кызматкери «Клоопко» берген маегинде ал бул ишти тарбия берүү максатында кылгандыгын түшүндүрдү.
Эскертүү, видеодо адепсиз сөздөр бар
http://www.youtube.com/watch?v=cD8C4e6x97I
Анын айтымында, чет өлкөлүктөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери өтүп бара жатканда тоодо текелер чыгара турган үндү (бееее) колдонгондуктары үчүн бир аз убакытка кармалышкан.
Улан жанында эч ким жок болгондугун айтып, интуициясына таянып ага «койго кылгандай» мамиле кылып жатат деп эсептегендигин билдирди.
«Муну алар кылгандыгын мен жакшы билем. Интуициям айтып атат», — деди милиционер.
Чет элдиктер менен сүйлөшүү маалында милиция кызматкери телефон аркылуу алардын биринин атасы менен сүйлөшүп, балдарды кое берди.
Автор: Илья Каримжанов
Которгон: Илгиз Чалбараков