Бакиевдердин мүлкүн уурдоого күнөөлөнүп жаткан адамдын жубайы депутатты сотко берет

Качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүн уурдаган деп күнөөлөнүп жаткан Абдулла Юсуповдун жубайы депутат Эркин Алымбековду сотко берет — айтымында, аны депутат «сутенерша» деп атап, кемсинткен. Парламентарий азырынча комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Юсуповдун жубайы Рано Жоробаева журналисттер менен жолугушуу маалында Алымбеков парламент депутаттарынын алдында сүйлөп жатып ага «көө жапкандыгын» билдирди — ал депутаты сотко берүү ниети бар экендигин айтты.

«Мен азыр сотко баратам, Эркинбек Алымбековго карата доо арыз жазам. Менин сутенерша экендигимди далилдөөсү үчүн ага эки жумалык мөөнөт берем. Эгер эки жуманын ичинде далилдей албаса мен Ак үйдүн алдына митингке чыгам», — деп нааразычылыгын билдирди Жоробаева.

Алымбековдун жардамчысы депутат ишке байланыштуу жолугушууда экендигин жана ал Юсуповдун жубайынын арызына комментарий бере албастыгын «Клоопко» билдирди.

Юсупов Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мүлктөрүн уурдоого күнөөлөнүп жатат — Юсупов 2010-жылдагы апрель революциясындагы талап-тоноочулукту «атамекенчилер» Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдор башкаргандыгын тергөөгө айтып берген.

«Мен түздөн-түз Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Райкан Төлөгөнов, [...] Турат Мадылбековдор менен иштегем. [...] Биздин максатыбыз бакиевдердин элден тоноп алган мүлтөрүнүн сатылып кетишине жол бербөө болчу. [...] Бирок кийин аныкталгандай, бизди жөн гана колдонушуптур, биз «тоноочулардын» ролунда болуп калыптырбыз, — деген Юсупов.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков