Баткен: банкты тоноого шектелгендер кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Экоисламикбанктын» кассирин «өлтүргөн» деп үч киши кармалды, алар ошондой эле ал жерден 2,7 миллион сом уурдап алган деп да шектелип жатышат. Кармалгандардын жактоочулары комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

7-сентябрда «Экоисламикбанктын» Баткен облусунун Кадамжай районунун Пульгон айылындагы өкүлчүлүгүнө кол салган адамдар кассирин өлтүрүп, 2,7 миллион сом алып кетишкен — кол салуудан үч күн өткөндө милиция кызматкелери шектелип жаткан үч адамды тен колго түшүрдү, деп билдирди ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандардын бири буга чейин сактык кассасында иштеген жана анын кандай жайгашканын, уюшулганын жакшы билген, деди Сейитов «Клоопко».

Басма сөз катчынын маалыматы боюнча, тоноочулар уурдалган акчаны коротууга жетишкен эмес.

«Алар эки күндүн ичинде акчаны коротууга жетишишкен эмес, анткени тез аранын ичинде колго түшүрүлдү», — деди Сейитов.

Алардын экөөсү Бишкекте, бирөө Баткен облусунда кармалган.

Сейитов билдиргендей, алгач тоноодон кийин жоголуп кеткен кассирдин өзү шек туудурган, бирок анын денеси 9-сентябрда Кадамжай районунун Орозбеков айылдык аймагындагы урандылардын арасынан табылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, тоноо маалында сактык кассасында күзөтчүлөр болгон эмес — азырынча банктын коопсуздук кызматы да комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

«Клооп» кармалгандардын жактоочулары менен байланыша алган жок

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков