Белорус активистине «Бакиевден салам» деп жиберилген кат «жасалма» болуп чыкты

Белорусстук активист Михаил Пашкевич «Бакиев мырзадан салам» деген кат «анын досунун тамашасы» болгондугун билдирди. Ал катты качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин иниси Жанышка окшогон адамдын сүрөтүн интернетке жайгашыргандан бир апта өткөн соң алган.  

Пашкевич өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына Жаныш Бакиевден алган кат жасалма экендигин жазды — катты активисттин досу жазган.

«Ал өзүнүн салфетка менен болгон «гениалдуу» тамашасы тууралуу айтууну ушуга чейин – кылмыш ишин козгоп, милиция кыймылдап баштаганга чейин - эсинен чыгарып келген», — деп жазат Пашкевич.

Ал катты ким жазгандыгын тактап айткан жок, бирок анын досу буга чейин автивист болуп келгендигин билдирди.

Пашкевич милицияга жазган арызын кайра алгандыгын кошумчалады.

«Бакиевден салам»

Пашкевич 24-август күнү кечке жуук «Михаил, Сизге Бакиев мырзадан салам кат» деген жазуусу бар кыска кат алган, бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасында маалымдаган.

Катты белгисиз адам Минск шаарындагы кафелердин биринен официант аркылуу берип жиберген.

«Биз отургандан кийин бир-эки мүнөт өткөндө официант кыз келип: Михаил деген сизби? Сизге кат - деди. Мен: кимден? – деп сурасам ал: бир нече мүнөт мурун кафенин жайкы отура турган жайына бир киши келип отуруп, бир нерсе жазып, берип коюуумду өтүнүп, кетип калды, деди», — деп жазган активист.

Пашкевичтин жазгандарына ылайык, кат алгандан кийин аны эки унаа аңдып жүргөн, бирок номурларын эстеп калган эмес.

«Албетте биз билбеген эки сакчысы менен унаа. Эки жерде бизди аңдып жүрдү…», — деп жазган блоггер өзүнүн баракчасына.

Издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Белорус бийлиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли

Которгон:  Илгиз Чалбараков